Жалал-Абад облусундагы “Азирети Билал” мечитинде өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл округунда жайгашкан “Азирети Билал” мечитинде өспүрүмдөр арасында жарым парадан беш парага чейин Куран жарышы уюштурулду.

Жалпысынан 60 өспүоүм катышып,  алдыңкы орунду алган карылар грамота жана акчалай  сыйлыктар  менен сыйланышты. Бул иш-чараны жергиликтүү жамаат каржылап,  райондун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов  жана карылар  калыстар катышты.

Аталган иш-чаранын негизги максаты жаштардын Куранга болгон кызыгуусун арттыруу. «Урматтуу мусулман бир туугандар! Балким ушул балдардын арасында келечектеги президент олтургандыр, же болбосо мамлекеттик бир кызматкер олтургандыр. Айтайын дегеним, Түркиянын президенти Куранды тажвид менен кооз окуганын баарыңыздар билесиздер. Демек, диний кызматкер эле Куран окубастан ар бир мусулман баласы окуса жарашат экен”,- деди Жунус ажы.