Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусунда дин кызматкерлерине жыйын  өткөрдү

Бүгүн, 14-январда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары жана Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусуна жасаган илимий сапарынын алкагында облутсук казыяттын идарасында болуп, анда казыят кызматкерлерине, хатибият жана медресе мүдүрлөрүнө жыйын  өткөрдү

Жыйында Жоробай ажы Шергазыев  дин кызматкерлерин жоопкерчилик жана таза ниет менен иштөөгө чакырып, иш тартибин сактоо зарылчылыгын баса белгиледи. Ошондой эле  дин кызматкерлеринин билим деңгелин жогорулатуу, калк менен жүргүзүлгөн иштерди жандантуу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттешүү, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча маселелерге токтолду.

Ошондой эле Азирети Муфтийинин орун басары Казыят жана хатибияттардын, медреселердин иш аракетиндеги жетишкендиктер тууралуу да токтолуп, жыйын соңунда  жогоруда айтылган багытта мындан ары активдүү иш алып баруу зарыл экендигин айтып, казыят кызматкерлеринин сунуш-пикирлери, суроолоруна жооп берди.