Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев ажылыктын каттоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары жана Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев эки күнгө Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында 2020-жылына карата ажылыкка каттоо иштери менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жоробай ажы Шергазыев ажылык сапарына баруучу  жарандарды тейлеген операторлорго чакан жыйын өткөрүп, андан соң алардын аткарып жаткан ишинде одоно кемчиликтер жок экендигин айтып, операторлорго кагаз иштерине так болуга жана жарандарга сылык менен мамиле кылууга чакырды.

Эскерте кетсек, бул жылы ажылык амалдарын аткарууга Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстандын жарандарына 6110 квота бөлгөн. Учурда Кыргызстандын бардык аймагында болочок ажылардын документтери иретке келтирилип жатат.