Ажылык-2020: Ош шаарынан ажылыкка катталган жарандардын документтери текшерилди

Ош шаары боюнча ажылык сапарына баруу үчүн 2020-жыл үчүн каттоодон өткөн жарандардын тийешелүү документтери Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары жана Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев жана штабдын мүчөлөрү тарабынан текшерүүгө алынды.

Текшерүү ишин КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы жана УРШнын мүчөсү Максат Атабаев жана Ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Абдил-Азиз Чыныбеков Ош шаардык мусулмандар казыятында жүргүзүштү. Анда болочок ажылардын документтерин тескеген операторлордун иши менен таанышып, жыйынтыгында одоно кетирген катачылыктар жок болгондугуна байланыштуу «жакшы» деген бааларын беришти.

Маалымат иретинде айта кетсек, 2020-жылына карата ажылыкка каттоо иштери 16-декабрдан 30-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймагында жүрүп, аны ичинде Ош шаарынын “Сулайман-Тоо” мечитинде жүргүзүлдү. Ажылык иштери боюнча Ош шаарынын башкы адиси Жанарбек Матиевдун билдиргенине караганда, жылдан-жылга ажыга баргысы келген жарандарды катары көбөйгөндүктөн узун кезек күтүүлөр болду.

Эскерте кетсек, бул жылы Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстандын жарандарына 6110 квота бөлгөн.