Манас районунун  баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев «Дуа кылуунун пазилеттери» деген темада баяндамасын жасады

Кечээ, 14-январда Талас облусунун Манас районунун  баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Май айылындагы Май  мечитинде «Дуа кылуунун пазилеттери» деген темада шам баянын өттү. Бул иш-чарага коңшу айылдардын имамдары Күмүш Ниязалиев, Эралы Керимкулов, Сүйөркул Мамырбаев, Исхак уулу Малик, Ислам Чаушев мечит сопулары менен бирге катышып беришти.

Баяндан кийин имам хатиб Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан китеп окуу конкурсу жөнүндө жамаатка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл журтту китеп окуп, билимдүү болууга жана конкурска катышып сыйлыктарга  умтулууга чакырды.

Ар бир имамга «Мусулмандын адеби» «Фыкх ас-Сира» деген китептерди таратып берип, мечиттерде жамаатты окутуп конкурска даярдоо тапшырмасын берди.