Талас облусунун казыятында 2020-жылга карата иш пландары талкууланды

Бүгүн, 15- январда Талас облустук мусулмандар казыятында казыят мүчөлөрүнүн катышуусунда кезектеги жыйын өтүп, анын алкагында 2020- жылга карата иш пландары талкууланды. Муну менен катар облус казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыят мүчөлөрү айыл-аймактардагы имамдардын ишмердүүлүгүн жана коомчулук менен иш алып барууну жөнгө салууну талкууга алышты.

Мындан тышкары Талас шаары жана Талас районунун баш имам хатибдери имамдардын ишмердүүлүгү боюнча отчетторун беришти.

Жыйындын жүрүшүндө облус казысы коомчулук арасында болуп жаткан көйгөйлүү маселелер тууралуу баяндап, имамдарга үй-бүлөлүк баалуулуктар, эмдөө, ысырапкерчилик, экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды байма-бай жүргүзүп, биргеликте иштешүүгө чакырды.