Чолпон-Ата шаарында 5 орундуу гемодиализ борбору ачылды

Кечээ, 14-январда Чолпон-Ата шаарында жеке ишкер Мирлан Исагалиев тарабынан 5 орундуу гемодиализ борборунун ачылышы. Ачылыш аземине ЖКнын депутаты Бакыт Турусбеков, район акими Дамир Белеков, Чолпон-Ата шаарынын мэри Талант Сарбагышев, Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев жана бир катар коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Мирлан Исагалиевге “Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу” деген наамы ыйгарылды.

“Бүгүнкү күндө бөйрөгүнөн жабыркаган биртуугандарыбыз үчүн ачылган борбордун ачылышы өтө керек эле. Анткени борборго барып даарылануу көп кыйынчылык жаратып келген. Мирлан биртууганыбыздын аракетине жалпы эл ыраазы,”-деди Абдыразак ажы.