Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби шаардагы жума окулуучу мечиттерди текшерди

Кечээ, 15-январда Жалал-Абад облустук казыятына караштуу Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков шаардагы жума намазы окулган мечиттердин имамдарынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып келди.

Имамдарга КМДБнын, казыяттын жана хатибияттын буйруктарын өз убагында, так аткаруусун милдеттендирди.  Жамааттар менен тыгыз иштешүүгө, жамааттын намаздарын өз убагында окуп берүүгө жана намаздан кийин беш минуталык баян айтууга тапшырмаларды берди.

Ошону менен бирге мечиттин тазалыгын, жылуулугун, айрыкча өрт коопсуздугунун сакталуусун баса белгиледи. Мындан ары ар бир ай сайын ушундай текшерүүлөр болуп тураарын эскертип өттү.