Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жардамга муктаж 75 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Кечээ, 15-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жардамга муктаж 75 үй-бүлөгө кайрымдуулук иретинде акысыз көмүр таратылды. Бул туурасында райондук баш имам хатиб Таалайбек ажы Акунов билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара райондук хатибияттын демилгеси менен ишке ашырылып, атын атагысы келбеген араб биртууганыбыз демөөрчүлүк кылып, 75 үй-бүлөнүн ар бирине 400 кг. көмүр таратылды.

«Кайрымдуулук иштери аракетибизге жараша болуп жатат, кайрымдуу бир туугандарыбыздын колдоосу менен мындай иштер жыл бою уюштурулмакчы,»-деди баш имам хатиб Таалайбек ажы.