КМДБнын даават бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушту

Кечээ, 15-январда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Даават үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев жана аталган бөлүмдүн адиси Султанали ажы Гапуров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сынташ айыл өкмөтүнүн Телман айылынын мечитинде жергиликтүү тургундар жолугушуу уюштурушту.

Жолугушуу аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында уюштурулуп, анда эл менен жолугушууда үй-бүлөдөгү аял затынын орду аны сыйлоонун зарылчылыгы, балдарга туура-таалим тарбия берүү жана ыйман, адеп, биримдик, ынтымак туурасында баяндамаларын жасашты.

Ал эми айыл эли диний жаатта өздөрүнүн түшүнбөгөн суроолорун беришип, жоопторун алышты. Ушундай эле жолугушууларды райондун башка аймактарында өткөрүү боюнча райондук баш имам хатибдер сунуштарын беришип, мындай жолугушуулар байма-бай өткөрүп турууга чакырышты.