Кара-Кулжа районунун имамдары Марат Разаков атындагы балдар үйүнө 17000 сомдук жардам көрсөттү

Кечээ, 15-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев баш болгон хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары тарбынан Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылындагы Марат Разаков атындагы балдар үйүнө 17000 сомдук окуу куралдары жана  күнүмдүк жашоого керектелүүчү тамак-аш азыктары, оюнчуктар, кир жуучу каражаттар сатылып алынып, жеринде берилди.

Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат хатибият жана мечит имамдары тарабынан каржыланды.

«Бүгүнкү балдарыбыз эртеңки келечегибиз. Биз, Жараткан алдында мусулманчылык милдетибизди аткарып жатабыз. Балким колу ачык, берешен, кайрымдуу инсандарга өрнөк болуп калаарбыз»,- деди Дастан ажы Мамаев.