Кара-Көл шаарынын борбордук мечитинде аялдарга сабактар уюштурулду

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын баш имам хатиби Бектен ажы Керезбаев Кара-Көл шаарынын борбордук мечитинин окуу корпусунда аялдар арасында иш жүргүзүүнү жандандыруу максатында окутуу иштерин уюштурду.

Окутууну КИУнун  бүтүрүүчүсү Акылай Бекташева  жүргүзүүдө. Анда Матуридий акыйдасын жана Ханафий мазхабынын  негизинде  өткөрүлүп жатат. Окуу семинары эки мөөнөт менен окутулуп жатат. Саат  9.00-11.00 жана 14.00-16.00  чейин.

“Урматтуу эже-карындаштар! Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Сиздер жакшы болсоңуздар биз жакшыбыз. Ар бир аял өзүнүн үй-бүлөдөгү ордун жана милдетин билсе үй-бүлөнүн  бүтүндүгү бекем болот. Келечек муунду туура тарбиялоодо сиздердин ролуңуздар чоң. Окууңарга  ийгилик каалаймын”,- деди баш имам хатиб.