Талас облусунун Манас районунда терс диний агымдардын алдын алуу максатында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Кызыл Жылдыз айылындагы «Шариф» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, «Ислам дининин баалуулуктары»  темасында баяндама жасады. Баш имам хатиб жергиликтүү жашоочуларга ата-бабаларыбыз карманып келген Ханафий мазхабын бекем тутуп, терс диний агымдарга ээрчибей эл арасында динди туура жеткирүү керектигин баса белгиледи.

 «Чындыгында карапайым жашоочуларга  Ханафий мазхабын туура жеткирип, Матуридий акыйдасынын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз зарыл. Терс диний агымдардын алдын алууда имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуусу керек»,-деди райлндун баш имам хатиби.

Муну менен катар бул күнү баш имам хатиб Манас районундагы имамдар менен жолугуп, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети тарабынан уюштурулуп жаткан «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсуна катышуу үчүн Талас облусунун мусулмандар казыяты тарабынан жиберилген китептерди таратып берди.