Манас районунун жашоочуларына «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча маалыматтар берилди

Кечээ, 17-январда Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев райондун борбордук мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети тарабынан уюштурулуп  жаткан «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча жергиликтүү жашоочуларга маалымат берип, имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр таржымалы тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептерди окуп, конкурска  даярдануу керектигин билдирди.

«Конкурска катышууну каалагандар 2020-жылдын 1-мартына чейин тизмеге катталуусу керек. Сынак 2020-жылдын 4-апрелинде облустардын борборлоруунда жана Бишкек шаарында өткөрүлөт. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи Бишкек шаарында өткөрүлөт. Конкурска катышуу үчүн окурман бул китептердин кайсынысына алдын ала тандап, катталуу мезгилинде билдирүүсү керек»,-деди баш имам хатиб.