Ош облустук ЖКККБнын жетекчиси Айжигит Зикиров: Ош облусу боюнча 680 жол кырсыгы катталса, 112 жаран көз жумуп, 1201 жаран жабыркаган

Кечээ, 17-январь күнү Ош облусунун мусулмандар казыятынын кызматкерлери ИИМдин Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурган жол кырсыгынын алдын алуу иш-чарасына катышты.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, ИИМдин Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги Айжигит  Зикиров, казыят кызматкерлери, ИИМдин ЖКККБ кызматкерлери, мечит имамдары, айдоочулар коому, мугалимдер жана  балдар чыгармачылык коомунун адистери катышты.

Жыйын жол кырсыгынан каза тапкандарга багышталып Куран окуу менен башталып, андан соң Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси жол кырсыгынан каза болгондордун көпчүлүгү Ош-Бишкек жана Ош-Еркештам жолдорунда катталаарын баса белгиледи.

 «Жол кырсыгынын алдын алуу боюнча күндүн ыссык-суугуна карабай күрөшүп келүүдөбүз жана күрөшө бермекчибиз. Учурда облуска караштуу бардык райондордо түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 2019-жылы Республика боюнча  6663 жол кырсыгы катталса, анын ичинен 759 жаран көз жумуп, 10315 жаран жабыр тарткан. Ал эми Ош облусу боюнча 680 жол кырсыгы катталса, 112 жаран көз жумуп, 1201 жаран жабыркаган»,- деди  Айжигит  Зикиров

Ал эми  Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары ар бир инсандын жаны аманат экендигин баса белгилеп, аманатка кыянаттык кылууну Ислам дини тыюу салганын, бул терс көрүнүштөрдөн болооруна токтолду.

 «Өзүбүздүн жана өзгөлөрдүн өмүрүнө зыян жеткирүүдөн сактаналы. Анткени ар бир адамдын жаны аманат. Ал эми аманатка кыянат кылуу Кудай Талаа тыюу салган чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Ошондуктан айдоочулар жана жөө жүрүүчүлөр, ар бирибиз өзүбүздүн милдеттерибизди так сактоону шарият буюрат. Элибизде айтылган сөз бар: «Кырсык каш кабактын ортосунда». Мына ошондуктан жол эрежесине көңүл буралы. Жолдо бара жатып уюлдук телефонго алаксып калуудан, ылдамдыкты көрсөткөн чектен ашырып айдоодон, же болбосо кыштын муз абалындагы тайгак жолго тобекел кылып жайкы дөңгөлөк менен жүрүүдөн алыс бололу», — деди Нурбек кары Орунбаев.