Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев “Наристе” ден соолугунан жабыркаган балдар үйүн зыярат кылып, аларга кубаныч тартуулады

Бүгүн, 19-январда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарындагы “Наристе” ден соолугунан жабыркаган балдар үйүнө зыярат кылып, алардын ал-абалы менен жеринде таанышты.  Шаар казысы бул жолу балдар үчүн таттууларды алып барып, бөбөктөрдүн көңүлүн көтөрдү.

“Балдарга көңүл буруп, мээрим төгүп туруу алардын жашоого болгон аракетин арттырат. Сиздердин балдар үйүнө келип, кабар алып турганыңыздарга абдан кубанычтабыз”,- деди  балдар үйүнүн жетекчиси Халыс Арзыбаева.

Ал эми шаар казысы “Наристе” ден соолугунан жабыркаган балдар үйүнүн кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, балдарды кароо, аларга тарбия берүү соопту иштерден экендигин баса белгиледи.

“Бул жердеги балдардын сүйлөй албаганы бир аз сүйлөп, тамак жей албаганы тамак жегенди үйрөнүп калгандыгы “Наристе” ден соолугунан жабыркаган балдар үйүнүн кызматкерлеринин зор эмгеги болуп саналат. Жараткан эмгегиңиздер үчүн эселеп сообун берсин”,-деди шаар казысы.

Эскерте кетсек, “Наристе” ден соолугунан жабыркаган балдар үйүндө 30 бала тарбияланып келет. Алардын ичинде ата-энеси барлар дагы бар болсо, 20 бала жатып тарбияланат.