Алла Таала адал кылган нерселердин баары пайдалуу

Адал деген эмне? Адал бул Алла Таала же анын элчиси жегенге же ичкенге же алектенге же кылганга тыюу салбаган нерсе. Ал эми арам Алла Таала жана анын элчиси эмнени тыйса  же Куран аятта кандайдыр бир ишке катуу азап болоорун айтса ошол арам.

Алла Таала бир нерсени тыйса демек анын зыяны бар. Биз кээде анын себебин бул дүйнөдө билишибиз мүмкүн. Билбей да калышыбыз ыктымал.

Алла Таалынын уруксат бергендери тыюу салганынан да көп.

Исламдагы өкүмдөрдү карап, изилдеп көрсөк Алла Таала кайсы нерсени тыйбасын башка нерселерге жол берген. Алла Таала пенделерине оордукту каалабайт. Ал аларга жеңилдикти каалайт. “Алла силерге ачык түшүндүрүүнү, мурунку пайгамбарлардын түз жолуна багыттоону жана силерди кечирүүнү каалайт. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман. Алла силерди кечирүүнү каалайт. А өз каалоо-кумарларына ээрчигендер болсо силердин (акыйкаттан) бурулуп кетүүңөрдү каалашат. Алла силерге жеңилдетүүнү каалайт. Анткени инсан алсыз кылып жаратылган”, (Ниса, 26-28).

 

Алла Таала адал кылган нерселердин баары пайдалуу.

Мисалы Алла Таала сүткордукту арам кылды, анын ордуна сооданы адал кылды.

Зынаны арам кылды, үйлөнүп турмуш курууну адал кылды.

Эркектерге жибекти арам кылды андан башка кийимдерди адал кылды.

Мас кылчу ичимдиктерди арам кылды, ал эми башка пайдалуу суусундуктарды адал кылды.

Алла Таала Куранда мындай деген.

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُلُوا مِن طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ وَاشْكُرُوا لِلَّهِ إِن كُنتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ (172)

Эй, ыйман келтиргендер, Биз насип кылган ырыскылардан жегиле, Эгер чындап эле Ага сыйынчу болсоңор, Аллага шүгүр кылгыла! (Бакара,172).

Алла Таала Куранда мындай дейт.

الَّذِينَ يَتَّبِعُونَ الرَّسُولَ النَّبِيَّ الْأُمِّيَّ الَّذِي يَجِدُونَهُ مَكْتُوبًا عِندَهُمْ فِي التَّوْرَاةِ وَالْإِنجِيلِ يَأْمُرُهُم بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَاهُمْ عَنِ الْمُنكَرِ وَيُحِلُّ لَهُمُ الطَّيِّبَاتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيْهِمُ الْخَبَائِثَ وَيَضَعُ عَنْهُمْ إِصْرَهُمْ وَالْأَغْلَالَ الَّتِي كَانَتْ عَلَيْهِمْ ۚ فَالَّذِينَ آمَنُوا بِهِ وَعَزَّرُوهُ وَنَصَرُوهُ وَاتَّبَعُوا النُّورَ الَّذِي أُنزِلَ مَعَهُ ۙ أُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ (157)

 

Алар алдыларындагы Тооратта жана Инжилде жазылганды табышып, сабатсыз пайгамбар-элчини ээрчишет. Ал – аларды жакшылыкка буюруп, жамандыктан тыят. Жакшы нерселерди адал, жаман нерселерди арам кылат. Алардын үстүндөгү оор жүктөрдү жеңилдетип, чиеленген нерселерди чечет. Ага ишенгендер аны урмат кылып, жардам беришкендер жана ага түшүрүлгөн нурду ээрчигендер, мына ошолор – (Тозоктон) кутулуучулар!”Аьраф,157.

 

يَسْأَلُونَكَ مَاذَا أُحِلَّ لَهُمْ ۖ قُلْ أُحِلَّ لَكُمُ الطَّيِّبَاتُ ۙ وَمَا عَلَّمْتُم مِّنَ الْجَوَارِحِ مُكَلِّبِينَ تُعَلِّمُونَهُنَّ مِمَّا عَلَّمَكُمُ اللَّهُ ۖ فَكُلُوا مِمَّا أَمْسَكْنَ عَلَيْكُمْ وَاذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَيْهِ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ

“Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза-пакиза тамак-аштар жана колго үйрөтүлгөн (ит, бүркүт, ителги сыяктуу) жаныбарлар кармап келген нерселер адал кылынды. Силер аларды Аллах силерге билгизген нерсе (илим-таалим) менен колго үйрөткөн элеңер. Эми, ошол жаныбарлар силер үчүн кармап келген нерселерди жей бергиле. Жана аларды агытып жатканыңарда Аллахтын ысымын эстегиле. Аллахтан корккула! Аллах тез Эсептешүүчү!”, Маида,4.

 

Нуьман бин Башир Пайгамбарыбыздан риваят кылат ага Алланын саламы жана салаваты болсун.

الحَلَالُ بَيِّنٌ، والحَرَامُ بَيِّنٌ، وبيْنَهُما مُشَبَّهَاتٌ لا يَعْلَمُهَا كَثِيرٌ مِنَ النَّاسِ، فَمَنِ اتَّقَى المُشَبَّهَاتِ اسْتَبْرَأَ لِدِينِهِ وعِرْضِهِ، ومَن وقَعَ في الشُّبُهَاتِ: كَرَاعٍ يَرْعَى حَوْلَ الحِمَى، يُوشِكُ أنْ يُوَاقِعَهُ، ألَا وإنَّ لِكُلِّ مَلِكٍ حِمًى، ألَا إنَّ حِمَى اللَّهِ في أرْضِهِ مَحَارِمُهُ، ألَا وإنَّ في الجَسَدِ مُضْغَةً: إذَا صَلَحَتْ صَلَحَ الجَسَدُ كُلُّهُ، وإذَا فَسَدَتْ فَسَدَ الجَسَدُ كُلُّهُ، ألَا وهي القَلْبُ.

Адал бул-ачык айкын. Арам да ачык-айкын. Бул өкөөнүн ортосунда күмөндүү нерселер бар. Аны  көпчүлүк адамдар билишпейт, ким күмөндүү нерселерден сак болсо динине жана аброюна аруулукту талап кылды. Ким күмөндүү ишке жакын болсо, мисалы коргондун айланасында (малын) баккан малчы сыяктуу, ал жерге кирип кеткенге чоң ыктымал бар.  Ар бир падышанын коргону бар. Чындыгында Алланын жер бетиндеги коргону анын тыйган нерселери. Денеде бир үзүм эт бар. Эгер ал оңолсо дене да оңолот. Эгер ал бузулса дене да бузулат. Ал бетте ал жүрөк”. Бухарий,52.

 

Алла таалынын өкүмдөрү бардык адамдарга бирдей. Эгер адал болсо бардыгына адал эгер арам болсо бардыгына арам. Ислам дининде бирөөлөргө уруксат берип экинчилерге тыюу салбайт. Бирөөлөрдү жогору коюп экинчилерин кемсинтпейт.

Ошондуктан ар бир мусулман бул сыноо дүйнөдө кудай таала адал кылган азыктары менен азыктанып, тыйган иш-амалдардан арылып анын ыраазычылыгына жеткенге аракет кылуу керек.

 

Даярдаган: Токтогазы уулу Бактияр ажы. 

КМДБнын фатва  бөлүмүнүн адиси