«Калыс Ордо» жаңы конушунда жашаган 40 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык казыятына караштуу «Латифа» мечитинде кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Аталган саамалык «Калыс Ордо» жаңы конушунда жашаган атын атагысы келбеген мусулман бир туугандын демилгеси менен болуп өттү.

Мечиттин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиевдин айтымында, муктаж болгон 40 үй-бүлөнүн ар бирине бир кап ун жана 5 литр суу май таркатылып берилген.

«Биздин жаңы конушта ар кайсы аймактардан келген  тургундар жашашат. Айыл жергесинен жакшы жашоону издеп келген материалдык жактан ар кандай абалда болгон тургундарыбыз бар, муктаж болгон кишилердин да саны арбын. Бүгүн мына мынтип арабыздан чыккан сооп издеген кишилердин демилгеси менен жардамдарды даректерине узаттык. Аллах Таалам кабыл кылган болсун»-деди Нурбек ажы.