Баткен облустук казыятында 2020-жылга карата иш мерчеми талкууланды

Бүгүн, 20-январда Баткен облустук мусулмандар казыяты облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов баш болгон казыяттын эмгек жамааты 2020-жылга карата бир жылдык иш мерчеми талкуулады.

Жыйында төмөнкүдөй маселер каралды:

  • Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте биргелешкен иш мерчемдерди түзүү
  • Мечит, медреселерди каттоо иштерин аягына чыгаруу
  • Ысрапкерчиликке жол бербөө туурасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү
  • Калктын диний сабаттулугун жогорулатуу. Экстремизмге жана терроризмдин алдын алуу
  • Эл арасындагы Ислам динине болгон туура эмес түшүнүктөрдү жоюу
  • Диний кызматкерлердин сабатуулугунун жогорултуу
  • Региондордо жашаган аялдардын диний сабаттуулугун өстүрүү
  • Кайрымдуулук иштериндеги ачык айкындык жана муктаж адамдарга жетүүсүн камсыздоо

Ошондой жыйында казыят кызматкерлеринин ар бир кызматкери КМДБ жана казыяттын иш мерчеминин негизинде жеке өздөрүнүн жылдык иш мерчемин түзүү жана ага жогорудагы маселер жана башка бир катар маселелерди киргизүү тапшырмасы берилди.