Бишкек шаарынан Ажылык сапарына 460 жаран документтерин толугу менен тапшырышты

Жалпы республика боюнча ажылыкка каттоого алуу иштери аяктады. Борбор калаабыз Бишкек шаарынан 2020-жылы ажыга аттанган 460 жаран документтерин толугу менен тапшырып бүттү.

Бул жылы каттоо электрондук тартипте жүргүзүлүп, жарандар үчүн бир топ жеңилдик болду. Бишкек шаары боюнча ажылык боюнча жооптуу адис Толкунбек Жумановдун айтымында, Бишкек шаарынан бул жылы катталгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу азыраак.

«Бул жылы 460 жаран каттоодон өттү. Бул былтыркыга караганда дээрлик 100 кишиге азыраак болду. Себеби шаарда жашагандардын көпчүлүгүнүн паспорттук каттоосу кичи мекенинде болуп, шаардан каттала алышпай калышты»,- деди Толкунбек ажы.

Эске сала кетсек, 2020-жылкы ажылыкка каттоо 2019-жылдын 15-декабрынан 2020-жылдын 15-январына чейин жүргүзүлдү. Бул жылы Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстандын жарандарына 6110 квота бөлгөн.