Кайнар айылынын мечитин оңдоо иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кайнар айылынын мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда райондун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди.

Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштерин, мечиттин айланасын курчоо ж.б иштерине кеткен чыгым жергиликтүү жамаат жана айыл тургундары тарабынан каржыланып жатат.

«Мечитти урматтап, сыйлап, таза кармоо ар бир мусулмандын милдети. Элибиздеги ар кандай терс багыттагы диний агымдардан оолак болууга үндөп, жаштарыбызды ыйманга, адеп-ахлакка чакырууда мечиттин орду чоң экендигин айтып, мечитибиздин оңдоп-түздөөдөн өткөрүп, жылуулугун камсыздап жатабыз»,-деди Таалайбек ажы.

Мындан тышкары суу түтүгүн киргизип, учурда ысык жана муздак суу киргизүү иштери дагы жүргүзүлүүдө.