Каракол шаарында «Адам сатуу» темасынын алкагында тегерек стол болуп өттү

Аталган иш-чара өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кичи жыйындар залында болуп, ага облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков катышты.

ОИИБ, ШИИБ, облустук билим берүү бөлүмдөрү, дин кызматкерлери катышкан тегерек столдо, адам сатууга каршы аткарылып жаткан иш-аракеттер туурасында маалымат берилип, кийин бул маселе боюнча ар бир мекеменин өкүлдөрү өз ойлорун ортого салышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков адам кулчулугунун негизги себептери болгон жумушсуздук, миграция маселеси, сойкулук жана башка маселелер туурасында мектеп окуучуларына, ЖОЖ студенттерине, жаштарга маалымат лекцияларды өтүү зарылдыгын сунуштады.

Мындан сырткары азыркы учурда адам сатуу соодагерлеринин жалдоо ыкмаларына күнүмдүк интернет сайттары, чет өлкөдөгү окуулар, жумуш, бизнес, бай, ийгиликтүү кишилер менен таанышуу сыяктуу ыкмалары дагы буга бирден-бир себепкер экендиги айтылып, тышкы миграцияны түшүнбөгөн, көп нерсе менен иши болбогон, билими жок жарандарыбыздын дагы кабылып жаткандыгы баса белгиленди.