Сузак районунда эскилиги жеткен мечиттерди жаңылоо тууралуу жыйын болду

Бүгүн, 20-январда ЖалалАбад облусуна караштуу Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов Сузак районунун Ырыс айыл округунда жайгашкан “ Хабибулла ажы” мечитинде  имамдарга жыйын  өттү.

Жыйында,  мечиттерди  жылуулоо,  тазалыгын көзөмөлгө  алуу,  мечиттин жана имамдардын документтерин толуктоо тууралуу маселе козголду. Ошону менен биргеликте эскилиги жетип пайдаланууга  жараксыз болгон мечиттерди каттоого алып, аларды  жаңылоо маселеси каралды.

“Урматтуу имам-дамлалар! Баарыңардан Жараткан  ыраазы болсун! 2019-жылдагы кылган кызматыңарга рахмат. Эми бул жылда дагы жакшы иштеп берээриңерге биз ишенебиз. Ишиңерде ийгиликтер боло берсин. КМДБнын, облустук казыяттын жана хатибияттын тапшырмаларын өз убагында так аткарып, эл үчүн дин үчүн кызматыбызды кыла берели”,- деди баш имам хатиб.