Пайгамбарыбыздын (САВ) бул ааламга келиши

Мухаммад САВ Араб жарым аралындагы берекелүү Мекке шаарында төрөлгөн. Меккеде болсо ибаадаткана – ыйык Кааба жайгашкан. Бул жерди Ибрахим пайгамбар өзүнүн уулу Исмаил менен көптөгөн кылымдар мурда негиздеген. Мухаммад пайгамбардын туулган жылы Пил жылы деп аталат. Ошол жылы Меккеге  душмандар кол салып, аны ушул эбегейсиз зор  жаныбар аркылуу талкалагылары келишкен. Бирок, Алла пилге токтоого жана Меккеге жакындабоого өкүм кылды. Душмандардын кол башчысы Абраха өзүнүн согуш жаныбарын ордунан тургузууга аракет кылып, бирок тургуза албаган соң жинденген абалга жетти. Көп убакыт өтпөй Алланын өкүмү менен душмандын аскерлерине канаттуу куштар кол салып, алардын үстүнө күйүк топурактарды жаадырып салды. Душман мына ушундайча жок кылынды, ал эми Мекке болсо куткарылды.

Көп адамдар бул окуяны улуу белги катары кабыл алышты. Абраханын сансыз аскери жок кылынган соң, Каабага мындан ары эч ким коркунуч келтире албайт эле.

Мына дал ушул атактуу окуясы менен белгилүү болуп калган жылы келечекте  Алланын элчиси болуучу адам жарык дүйнөгө келди.

Мухаммадды Амина аттуу аял төрөдү. Өзүнүн атасы Абдулланы ал билбей калды, анткени атасы бала төрөлө электе эле кайтыш болуп кеткен. Мухаммад Хашим уруусуна таандык эле жана ал Ибрахим пайгамбардын Исмаил деген уулунан тараган алыскы урпактарынан болчу.

Төрөлгөндө ага коюлган Мухаммад  деген ат “макталуучу”, “мактоого татыктуу” деген маанини билдирет. Анын жакынкы бабалары дайыма жакшы иштерди кылган жана урматка татыктуу болгон атактуу адамдардан эле.

Арабдардын бир адаты бар эле: алар өздөрүнүн балдарын шаардан сырткары жашаган урууларга мерчемдүү бир убакытка чейин багып, өстүрүүгө беришчү. Ал уруулар жашаган жердин абасы таза жана алардын сүйлөгөн тилдери дагы меккеликтердикине караганда кооз эле. Бала алардын арасында дени сагыраак жана тили дагы коозураак болуп чоңойчу. Ошондой эле кичинекей Мухаммадды дагы Меккеден чыгышыраак, Таифтин ары жагында жайгашкан Бану Саад уруусуна тарбиялоого беришти.

Аны тарбиясына алган үй-бүлө жардыраак болчу. Анын эмчек энесинин аты Халима эле. Биринчи эле күндөн баштап Халимага жана анын күйөөсүнө бир жакшынакай белгилердин аяны келди. Алардын саан малы сүттү көбүрөөк бере баштады жана алар мунун себеби, өздөрү тарбиясына алган баланын шарапаты менен болуп жатканын түшүнүштү.

Мухаммад тил алчаак, элпек  жакшы бала болуп чоңойду. Ал Халима менен анын күйөөсүнүкүндө жашай баштаган күндөн тартып, бул үй-бүлөнүн иши оңоло баштады. Мухаммаддын тили  эрте чыкты жана бөлөк балдарга караганда тезирээк чоңойду. Ал өзүнүн теңтуштарына караганда шамдагай жана күчтүүрөөк эле.

Бир жолу келечектеги пайгамбар өзүнүн достору менен эшикте ойноп жүрүшкөндө, асмандан периште түштү. Ал кичинекей Мухаммадга келип, анын көкүрөгүн ачып, уюган кара кандын бүртүмүн алып чыгып, баланын жүрөгүн алтын идиштеги суу менен жууду. Балдар анын Алланын буйругун аткарып жаткан периште экенин билишкен жок, ошондуктан бул окуя жөнүндө Халимага айтып барыш үчүн качып кетишти. Бул окуяны угаар замат Халима Мухаммадды көздөй жүгүрдү. Балдардын айткан окуясынан коркконунан Халиманын үрөйү учту, ошондуктан ал баланы тирүү көрбөй каламбы деген ойго кетти. Аял окуя болгон жерге жүгүрүп барып, баланын аман-эсен экенин көрүп жүрөгү ылдыйлады. Эч кандай окуя болуп кетпегендей эле, баары жайында экен, бирок баланын көкүрөгүндө гана кичинекей чийилген, бир нерсе менен кескендей из калган экен.

Келечекте Мухаммадга Жабраил аттуу бул периште менен көп ирет жолугууга туура келет. Мухаммад кийин,  алыскы балалыгында Жабраил анын жүрөгүн бардык жамандыктардын тазалап кеткендигин айтат.

Бу окуядан соң Халима бала үчүн санааркай баштады, ошондуктан аны энесине жеткирип берүүнү чечти. Ал Мухаммадды Меккеге жеткирип берди жана ал энеси менен чогуу эки жыл жашап калууга үлгүрдү. Бир жолу алар Мединадагы туугандарын зыярат кылууга барышып, кайра кайтып келе жатканда, Амина бул дүйнөнү таштап кетти.

Эми Мухаммад тоголок жетим болду. Ушундай жаш маалында эле ал атасынан, энесинен  да ажырап калды. Аны өз балдарынан да артыкча жакшы көрө турган Абдулмутталиб аттуу чон атасы өзүнүн тарбиясына алды. Бирок, чоң атасы көпкө жашай алган жок, Мухаммад сегизге толгондо, аны өзүнүн уулу Абу Талибге табыштап, Абдулмутталиб кайтыш болуп кетти. Ошентип, келечектеги пайгамбар өзүнүн абасынын үйүндө жашай баштады.

Абу Талиб бай эмес эле, бирок адамдар аны акылдуулугу жана чынчылдыгы үчүн сыйлашчу. Абасынын үйүндө Мухаммад көп жылы жакшы тарбия алды жана баш паанек кыла турган үй тапты. Ошол эле мезгилде ал абасына жардам берип, Мекке жашоочуларынын малын багып, эмгек акысын таап жүрдү.

Качан Мухаммад өспүрүм курагына жеткенде, аны соода иштерине, сапарга ала башташты. Ал жакта ал соода кылуунун сырларын үйрөнүп жана ар түрдүү шаарларды жана элдерди көрүп жүрдү.

Меккеден узак жакта Бахира аттуу кечил жашачу. Күндөрдүн биринде жолоочуларды көрүп, Бахира кең пейилдик менен адамдарды үйүнө конуп кетүүгө чакырды. Качан меккеликтер Бахиранын үйүнө киришкенде, кечил бардыгыңар тең үйгө кирдиңерби, же сыртта бирди жарымыңар калдыбы, деп сурады. Алар ага  сыртта соода малын кайтарган Мухаммад аттуу жигиттин калганын айтып жооп беришти. Бахира Мухаммадды ага алып келүүсүн өтүндү.

Качан Мухаммад Бахиранын үйүнө киргенде, акылдуу кечил анын келечектеги пайгамбар экенин билди. Ал жаш жигитти кучактады жана Абу Талибге инисине көз салып жүрүүсүн, анткени эгерде душмандар анын Алланын келечектеги пайгамбары экендигин билип калышса, сөзсүз аны өлтүрүүгө аракет кылышаарын айтты.

Качан Мухаммад жыйырма беш жашка толгондо, Хадижа аттуу атактуу бай аялга үйлөндү. Бай жана урматтуу адамдар ага көп жолу жуучу түшүштү, бирок Хадижа жөнөкөй жана эмгекти сүйгөн Мухаммадды тандады. Ал анын чынчыл экендигин билчү, анткени Мухаммад Хадижанын соода кербендерин башкарып, алыскы шаарларга соода кылганы барчу. Бирок бир да жолу ал аны алдаган же ашык акчаны өзүнө сиңирип алган окуясы болгон жок.

Меккедеги адамдар да Мухаммадды урматташып жана жакшы көрүшүп аны Амин деп атап алышты, бул деген “ишенимдүү” деген маанини билдирет.

Ошол мезгилде меккеликтер мушриктер эле жана буттарга сыйынышчу.  Силердин эсиңерде болсо керек, Ибрахим жана анын уулу Исмаил курган, Аллага ибаадат кыла турган эң ыйык жер Кааба — ибаадаткана, таштан жасалган айкелдерге сыйына турган жайга айланып калган.  Жыл сайын өздөрүнүн “кудайларына” сыйынып, аларга тийешелүү сый-урматын көрсөтүп кетүү үчүн Араб жарым аралынын бардык булуң-бурчтарынан Меккеге адамдар келишчү.

Меккеликтер ажылыкка келгендерден жакшы акча табышчу жана алар иштин ушул абалына ыраазы эле.

Мухаммад бир Аллага ишенчү жана бала чагынан баштап эле, Алла – дүйнөдөгү бардык нерсенин Жаратуучусу жана биздин бардык ибаадатыбыз Жалгыз Ага гана арналуусу керектигин  билчү. Келечектеги пайгамбар буттарга сыйынчу эмес жана муну эң оор күнөө деп эсептечү. Көп учурларда Мухаммад Алла жөнүндө ой жүгүртүү үчүн жалгыз калчу  жана ал кырк жашка толгондо, Алла ага пайгамбарлык вазийпаны жүктөдү.

Бир жолу Мухаммад кезектеги жолу Хира аттуу тоого барды. Ал жерде ал ээн калып ой жүгүртүп жана ибаадат кылып жүргөн  бир кичинекей үңкүр бар болчу. Ошол берекелүү күн Мухаммаддын бүтүндөй жашоосун өзгөрттү, анткени дал ошол жерге Ыйык Курандын эң алгачкы аяты түшүрүлгөн эле.

Мухаммадга Жабраил периште келди дагы айтты: “Оку…”. Мухаммад жооп берди: “Мен окуганды билбейм”. Ал чындыкты айтты, анткени ошол илгерки убакта ар бири окуганды үйрөнүп ала тургандай мектептер жок эле. Окуганды аз гана адамдар, негизинен байлар жана дөөлөттүү адамдар эле билчү. Жабраил кайталады: “Оку”. Ал бул сөздү үч жолу айтты, бирок Мухаммад жогорудагы айтканын кайталап жатты. Анан Жабраил: “Оку, адамды уюган кандан жараткан сенин Рооббиңдин ысмы менен”, деп айтты.

Бул сөздөрдү айтуу менен, Мухаммад коркконунан үйүнө жүгүрүп келди. Ал өзүнүн үйүнө келээри менен үй ичиндегилерге: “Менин үстүмдү  жаап койгула”, деди. Мухаммадды калтырак, титирек басып ал эми анын көздөрүндө болсо коркунуч турган. Хадижа күйөөсүнүн өзүнө келүүсүнө жардам берди жана аны тынчтандыра баштады. Мухаммад өтө таң калгандыктан өзүн акылынан ажырап калдыбы деген да ойго кетти, бирок анын күйөөсүнө камкорчулугун кылып жаткан  ишенимдүү өмүрлүк жубайы жанында эле. Жубайы ага, Алла  бир гана чындыкты сүйлөгөн, тууганчылык мамилени чыңдаган жана өзүнүн сөзүнө бекем турган адамды акылынан ажыратып койбойт, деди.

Качан толкундоолор акырындап тараган соң, Хадижа жана Мухаммад Варака аттуу адамга кайрылышты. Бул Хадижанын туугандарынан болгон акылдуу карыя Мухаммадды кабыл алды жана болуп өткөн окуя жөнүндө андан сураштырды. Качан Мухаммад көргөндөрүн жакшылап сүрөттөп бергенде, Варака аны тынчтандырды.  Акылдуу карыя Мухаммаддын Мусага келген немени көргөндүгүн жана карыя тирүү болсо, анда Алланын Элчиси менен бир катарга тураарын жана аны уруулаштары  туулуп-өскөн шаарынан кууп чыгара турган болушса, аны колдой тургандыгын айтты.

Мухаммадды Вараканын сөзү аң-таң калтырды, анткени, Меккеде, шаардыктардын арасында андан да  сыйлуу, андан да сүйкүмдүү адам жок  эле.  Пайгамбардын жүрөгү тынчтанып калды, бирок  ал Роббисинен кийинки аяттарды күтүп жаткан мезгилде, Варака кайтыш болуп кетти.

Алладан жиберилген кийинки аяттын сөздөрү төмөндөгүдөй эле: ”Эй, (кийимдерине) чүмкөнүп алган зат, тургун дагы, (адамдарга Акырет азабынан) эскерткин! Жана жалгыз Роббиңди улуктагын! Жана кийимиңди таза туткун! Жана буттардан ыраак болгун…”1

Бул деген Алланын Элчисине адамдарды Алланын Жалгыздыгына чакыр деген өкүм эле.Мына ушул кезден баштап Алланын Элчиси өзүнүн мындан аркы жашоосун бир гана улуу максатка: адамдарды бир гана Кудайга – Аллага чакырууга арноо  керек эле.

Эң биринчи болуп Мухаммад пайгамбардын чакырыгын кабыл алган өзүнүн ишенимдүү жубайы Хадижа болду. Бул такыба аял Алланын Элчисин колдоп, көптөгөн жылдарга анын улуу чакырыгында ага кубат, арка-бел болуп жүрдү.

Алланын Элчисинин ишенимдүү жана эң жакын досу Абу Бакр дагы эч ойлонбостон туруп, ааламдардын Роббисинин Элчисинин чакырыгына ыйман келтирип, аны кабыл алды.

1Муззаммил сүрөсү, 1-5 аяттар.

Пайгамбардын Абу Бакрга кайрылуусу эле жетиштүү болду, ал ошол замат досунун менен бир катарга өттү. Абу Бакр эч качан мушрик болгон эмес жана бир гана Алла Таалага ыйман келтирчү. Чакырыкка Али деп аташкан Пайгамбардын абасынын уулу дагы ыйман келтирип, мунусу менен ал исламды кабыл алган балдардын эң алгачкысы болду.

Бирок, Алланын динин Пайгамбардын туугандарынын бардыгы эле кабыл ала берген жок. Качан Пайгамбар туугандарынын бардыгын үйүнө чакырып, колдо болгонун жайнатып дасторкон жайып меймандап жана алардын ар бирине улуу чакырыгы менен кайрылганда, Абу Лахаб аттуу Пайгамбардын абасы жинденип кыйкырды: “Алла менен ант ичем, бул жаман! Башкалар муну жасай электе аны токтоткула!” Өзүнүн бир тууган абасынын оозунан бул сөздөрдү угуу Элчи үчүн өтө оор эле. Кийинки жолу ал  адамдардын бардыгын аларга Алла жөнүндө айтып берүү үчүн ас-Сафа тоосуна жыйнады. Бул жолу да Абу Лахаб ага карата орой, оор сөздөрдү айтты: “Жок болуп кеткир! Сен бизди ушул сөздөрдү айтуу үчүн эле жыйнап алдыңбы?” Ушундан соң Алла Абу Лахабдын тозокко түшөөрү жөнүндө айтылган аль-Масад сүрөөсүн түшүрдү.

Пайгамбардын чакырыгын меккеликтердин аз гана бөлүгү кабыл алды, көпчүлүгү болсо түз жолго түшүүдөн баш тартышты. Исламды кабыл алуудан баш тартышкан жакын адамдары дагы Алланын Элчисин жек көргөн жана аны колдогон болуп экиге бөлүнүштү. Аны колдогондордун арасында абалары Абу Талиб менен Хамза дагы бар эле.

Качан Алланын Элчиси Мекке тургундарын исламды кабыл алууга ачык чакырган учурда, көпчүлүгү баш тартуу менен жооп беришти.

Бул адамдар адашууга, буттарга сыйынууга, калган арабдардын аларды урматтап, сыйлап туруусуна көнүп калышкан, ошондуктан алар адаттанып калган жашоолорун таштагылары келген жок.

Алланын Элчисинин алардан бир гана каалаганы – алардын ааламдардын Роббиси сыйынууга ылайыктуу Жалгыз Кудай экендигине ыйман келтирүүлөрү эле. Арабдардын көпчүлүгү Алла алардын Жаратуучусу экендигине ишенишчү, бирок таш буттар аларды Аллага жакындатат, деп ойлошчу. Ал эми чындыгында болсо, буттар арабдарды Алладан алыстатып эле тим болбостон, аларды Алланын ыраазылыгына ээ болуудан биротоло куру калтырып жаткан. Бутпарастык өтө оор күнөөлөрдөн жана эгер адам бутпарас болуп өлө турган болсо, анда ал түбөлүккө тозокто калат.

Арабдар Алланын Элчисинин чакырыгын душманчылык менен кабыл алышты. Алар аны ар бир ыңгайы келе калган учурда ызалантып, кордоп, басынта башташты, ал эмес өлтүрүп койгулары да келип жүрдү. Мушриктердин жалгыз чоочулагандары Абу Талиб менен Хамза эле. Бул экөө өздөрүнүн инисин колдошуп, бирөөлөрдүн жаманчылыктарынан сактап, коргоп жүрүштү. Мына ошондо исламдын душмандары Мухаммадды ээрчигендерге кыйноо, азап берүүнү ойлоп табышты. Алланын Элчисинин Билал аттуу сахабасына коркунучтуу кыйноону башынан өткөрүүгө туура келди: анын курсагын оор таш менен бастырышып, өтө ысык кумга жаткырып, күндүн аптабына таштап коюп жүрүштү. Андан дагы азабы, Ясир аттуу дагы бир мусулманды болсо, аялы экөөнү алардын жандары чыкканча  кыйнашты.

Адатта мушриктер өздөрүнүн исламды кабыл алган кулдарына, же болбосо алсыз, коргоосуз адамдарга  катылышчу. Ошондо, Алланын Элчисинин ишенимдүү досу Абу Бакр кулдарды сатып алып жана аларды эркиндикке чыгарууну чечти.

Бул чара ыйман келтирген адамдардын кыйноолордон кутулууларына жана качан жана кайсы жерде болбосун Аллага ибаадат кылууларына мүмкүнчүлүк түзүп бермек. Бул ой бечараларды аяган Алланын Элчисине абдан жагып калды.

Мушриктер болсо алардын алсыз кулдарын сатып алып жаткан мусулмандарды шылдыңдап жатышты. Мусулмандар болсо, ыймандуу адам, ал мейли мурдагы кулдардан болсун, Алланын алдында мушриктерге караганда сүйүктүү болоорун билишчү.

Мусулмандардын катарындагы алсыз адамдардын кыйноолорго туш болбоосу үчүн, Алланын Элчиси исламды жашыруун таркатууну чечти. Алланын динине кирген адамдар, динге киргендиги жөнүндө ачык айтпай койсо   да болот эле. Эми мындан ары алар, эч кимге билдиришпестен илим алышып жана Аллага ибаадат кылып жатышты.

Мына ушундай абалда бир канча жыл өттү жана Алланын Элчиси бул аралыкта адамдарды исламга чакырып жатты. Алланын Элчисине жаңы аяттар жана сүрөөлөр  келип жана ал мусулмандарга бул келген сүрөө жана аяттарды аларга түшүндүрүп жүрдү. Мусулмандар аль-Аркам ибн Аби аль-Аркамдын үйүнө чогулушчу. Бул адам өзүнүн үйүн Алланын Элчиси жана мусулмандар үчүн берди.

Качан мушриктердин басымы чыдагыс абалга жеткенде, Алланын Элчиси мусулмандардын Эфиопияга көчүп кетүүгө болоорун жарыя кылды. Ал  мамлекетти боорукер жана адилет падыша башкарчу. Ал жакта эч нерседен кооптонбой исламды ачык тутуп жашоо үчүн, мусулмандардын жамааты чогулуп жана жашыруун алыска сапар тартышты. Мушриктер алардын артынан куугун салмак болушуп, бирок колдорунан чыгарып жиберишти.

Көп узабай Пайгмбардын Хамза аттуу абасы да мусулман болду. Мушриктердин Алланын Элчисин урганын угуп, буга чыдай албай, ал өзүнүн  ыймандуу болгонун жарыя кылды. Бул окуя душмандар үчүн катуу сокку болду. Эми мусулмандар тарапка жүз жоокерден дагы күчтүүрөөк адам өткөн эле, анткени Хамза эбегейсиз күчтүүлүгү менен айрымаланчу жана ошондой эле ал жолборс жана арстандарга аңчылык кылуусу менен белгилүү эле.

Мусулмандарды, алар өздөрүнүн ата-бабаларынын динин таштап кеткендер, деп Умар ибн Хаттаб аттуу бутпарас дагы жаман көрчү.  Бул бай жана күчтүү адам мусулмандарды ар бир ыңгайы келе калган жерден кордоп, ызалантчу. Эч ким Умардын бир күнү мусулман болорун элестете да алчу эмес. Бирок ал күндөрдүн биринде аль-Аркамдын үйүнө келди. Деги эмне болуп кетти?

Умардын бою абдан бийик эле жана ал атка мингенде буттары жерге аз эле жерден тийбей жүрөөрүн элдер кеп кылышчу. Умардын үнүн угуп мусулмандар тым болуп калышты.  Эч кимдин анын алдына чыккысы  келген жок, бирок ар бири Алланын Элчисин коргоо үчүн жанын берүүгө даяр эле. Куралдарын даяр кылып, алар Мухаммаддын, ага Алланын саламы жана салаваттары болсун, буйругун күтүп калышты. Пайгамбар ордунан турду дагы, Умарды үйгө киргизди. Умар үйдүн босогосун аттаар замат, Алланын Элчиси андан сурады:

-О, Умар, исламды кабыл алууга убактың келип калган жокпу?

-Мен исламды кабыл алам, — деп жооп берди Умар. – Мен Алладан өзгө сыйынууга татыктуу кудайдын жок экендигине жана сен Анын Элчиси экендигиңе күбөлүк берем.

Мына ушинтип Хаттабдын уулу Умар исламды кабыл алды. Ал жер жүзүндө Алланын Элчисинен дагы сүйүктүүрөөк адамдын жок экендигин түшүндү. Мына ушинтип Алланын динине, кийин ислам тарыхындагы мурда  ачуулуу жана текебер, ал эми мусулман болгондон кийин  эң мыктылардан болгон адам келди. Мусулмандар буга абдан сүйүнүштү, анткени Умар күчтүү жана эр жүрөк инсандардан эле. Умар менен Хамзанын келиши менен мусулмандар күч алышты жана исламга ачык чакыра башташты.

Меккеликтердин ачуулары келип, Пайгамбардын уруусуна нааразылык жарыялашты: мындан ары алардан эч нерсе сатып албай да жана аларга эч нерсе сатпай да турган болушту. Андан да жаманы, аларды жашаган жерлеринен бөлөк жерге кууп салышты. Үч жыл бою мусулмандар, алардын нааразылыктары тараганча баштарынан ачарчылыкты өткөрүп жүрүштү.

Пайгамбарчылыктын онунчу жылында эки окуя болуп өттү: биринин артынан бири удаа Хадижа жана Абу Талибдер кайтыш болушту. Алланын Элчиси эң жакындарынан айрылган бул жыл, ислам тарыхында кайгынын жылы аталып калды. Жашоодон Алла да жана Анын Элчиси да ыраазы болгон  жакшынакай аял өттү. Бөлөктөр жүздөрүн буруп жатканда  ал исламды кабыл алган,  бөлөктө көңүл бурбай жатканда ал Мухаммаддын жанында болгон. Алланын Элчиси өмүрүнүн акырына чейин Хадижаны эң жакшы сөздөр менен эскерип жана  ал үчүн Аллага дуба кылып жүрдү.

Абасынын өлүмү жөнүндөгү кабар Алланын Элчисин,  Хадижанын өлүмүнөн кем эмес кайгыга салды. Абу Талиб кичинекей Мухаммадга атасынын ордун алмаштырган, ага баш калкалачу жай жана жакшы тарбия берген. Ал өзү тойбой жүргөндө Мухаммадды тойгузуп жана өз баласынан кем эмес тарбиялаган. Бирок, Алланын Элчисин  баарынан катуу өкүндүргөнү, Абу Талибдин жашоодон исламды кабыл албай кеткени болду.  Жакшы адам болгону менен, ал баары бир өзүнүн ата-бабаларынын адашууларында калып, жашоодон ыйман келтирбей өттү.

Жакындарды жоготуунун кайгысына, мушриктердин Пайгамбарга кайрадан катыла баштагандары кошулду. Жанында Абу Талиб эми жок болгондуктан Алланын Элчисинин коргонуусу начарлады.

Исламдын душмандары уламдан улам жаңы кастыктарды ойлоп чыгарып жатышты. Алар тынымсыз мусулмандарды шылдыңдап, күлүшүп, алар жөнүндө жок нерселерди ойлоп табышып, ушактап жатышты. Куранды эч кимдин укпай коюулары үчүн, алар базарларга чогулушуп ар кандай жомокторду жана икаяларды айтып жатышты. Качан Пайгамбар намазга жыгылып жатканда, меккеликтер, анын башын тебелеп кетип, же болбосо аркасына ылай шыбап кетишчү. Ал көчөдө кетип бара жатканда, жолуна тикендерди төшөп коюшчу. Качан Пайгамбар исламга чакырып жатканда, аны сыйкырчы жана жинди деп шылдыңдашчу, кордошчу жана кемсинтишчү. Ошол кездерде мусулмандардын сыноосу ушунчалык оор эле.

Алланын Элчиси бөлөк шаардан баш калкалачу жай табууну чечти. Ал бул максатта Меккенин түштүк-чыгышында, жүз чакырым алыстыкта жайгашкан  Таиф шаарын тандады. Ал куттуу чакырыгы менен Таифке жөө бет алат. Шаарга жетээри менен Пайгамбар Сакиф уруусунун башчыларына кайрылат, бирок алар кабыл алуунун ордуна шылдыңдоо менен: “Эмне, Алла элчи кылып жибергенге, бөлөктү таппай калдыбы?” дешет.

Шаардын төбөлдөрү жаш балдарды жана акылынан ажырагандарды, Алланын Элчисин таш баранга алууга тукурушат. Ал Таифти таштап кетип бара жатканда, анын берекелүү буттарынан кан тамчылап жаткан. Кандай жүзү кара адамдар, анын эмне үчүн келгендигин жакшылап укпай туруп, ага кол салууга батынышат?!

Кайра кайтып келе жаткан жолдо Алланын Элчиси калың бактын жанына эсин жыйнап алуу үчүн олтурганда, анын жанына бир жаш жигит басып келип, аны жүзүм менен сыйлайт. Жаш жигиттин аты Аддас эле. Ал Ниневиялык христиандардан болчу жана ал анын жердеши Юнус пайгамбар сыяктуу эле, Мухаммаддын пайгамбар экендигин угуп, абдан сүйүндү.

Андан соң  Пайгамбарга Жабраил, тоолордун периштеси менен келип капырларды Меккенин жанында жайгашкан эки тоо менен бастырып коюуларын сунуш кылды. Бирок, Алланын Элчиси өтө боорукер эле, ошондуктан ал бул сунушту кабыл кылган жок жана келечекте бул адамдардын урпактарынын Аллага мүмкүн ыйман келтиришээрин айтты. Алланын Элчисинин жүрөгү кандай гана жумшак эле!

Куттуу түндөрдүн биринде Алла Тааланын Пайгамбарына Жабраил келгенде, ал Меккеге кайтып келип жана исламдын жолунда эмгегин уланта баштаган.

Периштенин жанында Бурак аттуу укмуштай ажайыптуу жаныбар бар эле. Бурак адамды кайсы жерге болбосун бир заматта жеткирип коюуга жөндөмдүү болчу. Алланын Элчиси Буракка минип азыр Иерусалим деген ат менен белгилүү алыскы аль-Куддус шаарына, аль-Акса мечитине   бет алды жана ал жактан асманга көтөрүлдү. Асмандардан Алланын Элчиси жерде жашагандардын эч кимиси көрбөгөн Тозокту жана Бейишти, пайгамбарларды жана элчилерди, адамдарды күнөөлөрү үчүн күтүп жаткан жазаларды жана сооптуу амалдары үчүн берилүүчү сыйлыктарды көрдү. Эгерде бул түндө Алланны Элчисинин  алган бардык илимин атай турган болсо, аны жазып чыгыш үчүн он китеп да жетмек эмес.

Эң башкысы, асманга көтөрүлүү менен Алланын Элчиси Алла Таала менен сүйлөшүп жана белекке бир күндө окулуучу беш убак намазды алып келди. Мындан ары ар бир мусулман бир күндө беш жолу намаз окууга милдеттүү эле. Алла Тааланын мээрими менен беш убак намазды окуй турган ар бир мусулман элүү намазды окугандын сообун алмак.  Алла Таала бардык мусулмандарга мына ушундай улуу жакшылыкты белек кылды.

Келгиле, биз дагы эч качан намаздарды калтырбастан өзүбүздүн аталарыбыз жана апаларыбыз менен биргеликте, Алланын Пайгамбары окугандай окуп жүрөлү.

Ислам тарыхында саякат жана көтөрүлүү түнү (аль-Исра валь-Мээраж) деп аталып калган ушул түндөн соң, Алланын Элчиси мусулмандарга өзүнүн көргөндөрү жөнүндө айтып берди. Мушриктер муну угушуп, мурункусундай эле Пайгамбарды шылдыңдап күлө башташты. Бирөө Абу Бакрга чуркап барып, Мухаммаддын калпы чыгып калгандыгы жөнүндө кабарлады.  Абу Бакр Мухаммаддын түндөсү Иерусалимге зыярат кылып келгендиги жөнүндө угуп, токтоолук менен:

-Эгерде, Алланын Элчиси ушинтип айтып жатса, анда бул чындык, — деди.

-Бирок, бул мүмкүн эмес да, — деп ага каршы чыгышты.

-Мен ишенсем, — деди Абу Бакр, — Жабраил периштенин Мухаммадга келип жана Алланын сөздөрүн тапшырып жатканына. Ал эми бул жолу анын айтып жаткандарына  эмне үчүн күмөн кылышым керек?

Абу Бакрдын ушул сөздөрүнөн кийин Алланын Элчиси ага “Ас-Сыддык”, мындайча айтканда “чынчыл”, деген каймана атты ыйгарды.

Алла Таала берген ар бир сыноодон соң, анын артынан жеңилчилик келет. Алла мусулмандарга, кошуна Ясриб шаарынан ажылыкка келип жана Алланын Элчисине ыйман келтирген адамдар аркылуу жеңилчилик берди.

Исламды кабыл алган Ясрибдин жашоочуларын Алла Куранда ансарлар , мындайча айтканда жардамчылар деп атады. Алланын Элчиси Ясрибге көчө турган бардык мусулмандарга, тезинен жолго чыгууга буйрук берди. Ыйман келтиргендер өз үй-жайларын калтырып, туулган жери Меккеден көчүп кете башташты. Адатта,  бул иш  жүзүнө  жашыруун ашырыла баштады, бирок ачык эле көчкөндөр дагы болду. Кээ бирлери Меккеден чыгып кетиш үчүн бардык болгон байлыктарын берүүгө мажбур болушту.

Меккеликтер мусулмандардын шаардын аймагынан чыгып кетип жаткандарын көрүп, ачуусу келгендеринен жарылып кетүүгө аз калып жатты. Душмандар мусулмандардын, эгер алар Ясрибге барышса күчтөнөөрүн түшүнүшөт эле, ошондуктан алар болгон аракеттери менен мусулмандардын көчүүлөрүнө тоскоолдук кылышты. Ал эмес, меккенин төбөлдөрү мындан ары кандай аракет кылуу жөнүндө чогулушуп, кеңешме да өткөрүп жиберишти. Мушриктер, Алланын Элчисин ал Меккени таштап кете элегинде, кантип болсо да өлтүрүү жөнүндө тыянакка келишти. Бутпарастардын ар бир тобунан бул өлтүрүүгө катыша турган жигиттерден тандалып алынды. Түндөсү алар Пайгамбардын үйүн курчоого алышты. Алланын Элчисине Жабраил периште аркылуу боло турган кол салуу жөнүндө белгилүү болду.

Алланын кудурети менен Пайгамбар үйүнөн эч кимге билинбестен чыгып кетти жана душмандардын бирөөсү дагы аны көрбөй калды. Ал өзүнүн досу Абу Бакр менен алыскы жолго сапар алды. Качан мушриктер үйгө жулунуп кирип келишкенде, ал жерде Алланын Элчисинин жок экендигин көрүштү. Жиндери келгенинен алар Пайгамбарды издей башташты, бирок ал учурда Алланын Элчиси шаардын чегинен чыгып кеткен. Алар канчалык Пайгамбардын изин издешпесин, адамдарга аны кармап бергендери үчүн канчалык сыйлыктарды убада кылышпасын, баары  бекер болуп калган.

Көп узабай Мухаммад жана Абу Бакр кийин Пайгамбардын урматына Медина ан-Наби деп аталуучу Ясрибге жетип келишти. Мухажирлер жана ансарлар, мындайча айтканда көчүп баргандар менен аларга жардам бергендер Алланын Элчисин зор кубаныч менен тосуп алышты. Алардын кубанычтарына чек жок эле, анткени алардын жашоолору мына эми жакшы жагына өзгөрмөк.

Биринчи иретте, Алланын Элчиси мусулмандар жамаат менен намаздарын окуй турган жана Алланы улуктай турган мечитти курууга буйрук кылды. Жана ошондой эле Меккеден көчүп келген мусулмандарга баш паанек  кыла турган жай керек болчу буга ансарлар мухажирлердин үй-бүлөлөрүнө өздөрүнүн үйлөрүнөн жай таап берди. Алланын Элчиси Ясриб шаарында  жашап жаткан жөөттөр менен келишим мамилелерин түздү.

Анын негизинде, мусулмандар жана жөөттөр бири-бири менен ак ниет соода жүргүзүүгө, бири-бирин алдабоого жана тынчтыкты сактоо менен кол салган душмандардан бири бирин коргоого милдеттүү болчу. Бул улуу доор эле. Ошол Көчүү (Хижра) жылынан тартып, мусулмандардын жыл санагы башталат.

Кыска убакыттын ичинде мусулман коомчулугу өнүп-өсүп, күчүнө кирди.  Муну көрүшкөн меккеликтер Мухаммадды мурункудан дагы жек көрүп калышты. Эми мусулмандардын өзүнчө аскери бар эле жана бул мушриктерди кооптондурду.

Мусулмандар менен капырлардын ортосундагы биринчи салгылашуу, чөлдөгү жүргүнчүлөр суу алышкан кудуктардын жанында болуп өттү. Бул салгылашуу ислам тарыхында Бадр согушу деген ат менен белгилүү болуп калды. Душмандардын күчү мусулмандардын мүмкүнчүлүгүнөн үч эсе жогору эле, бирок мусулмандар өздөрүнүн Роббисине тобокел кылышты, ал эми капырлар болсо, өздөрүнүн басымдуу болгон күчүнө гана таянышты.   Согуштук айла-амал жана эр-жүрөктүүлүк менен ыйман келтиргендер душмандардын үстүнөн жеңишке жетишти. Буга кошумча, Алла мусулмандарга жардамга периштелерди жиберди. Кабары Аравиянын булуң-бурчуна тараган исламдын бул улуу жеңиши, ушундайча аяктады.

Жеңиштин ошол улуу күнү мусулмандардын колуна душмандардын аскеринин бир бөлүгү туткунга түштү. Туткундардын көпчүлүгү сабаттуу жана белгилүү адамдар эле.

Алланын Элчиси аларды душмандыгы жана мусулмандарга болгон көрө албастыктары үчүн жазалаган жок. Ал он мусулманды окуганга жана жазганга үйрөткөн туткундардын ар бирин бошотуп жиберүүгө убада кылды. Алланын Элчисинин кулк-мүнөзү канчалык чырайлуу жана акылмандуулугу канчалык улуу эле, анткени ал, билимдин кылычтан жана найзадан дагы канча эсе күчтүүрөөк курал экенин билген.

Мусулмандар Ясрибге жеңиш жана салгылашуунун жүрүшүндө колго  түшүргөн олжолору менен кайтып келишти. Мындан ары меккеликтер, мусулмандардын өздөрү мурда басынтып кордоп жүргөн  алсыз, коргоосуз адамдардан эмес экендигин түшүнүп калышты.

Экинчи белгилүү салгылашуу Ухуд тоосунун жанында болуп өттү. Ошол күнү мусулмандар көп эле. Алар ыңгайлуу жерлерди ээлешип жана душмандарга кайсы учурда болбосун кол салууга даяр болчу. Бирок, бул салгылашууда Алла мусулмандарга меккеликтердин үстүнөн болгон жеңиштин салтанатын насип кылган жок. Жеңиш мына жакын калган, бирок жаа тартчулар Пайгамбардын буйругун унутушту жана өздөрүнүн ээлеген ордун таштап кетишти. Муну көргөн меккеликтер, коргоосуз калган жагынан кол салып, чабуул коюшту.

Бул күтүүсүздөн урулган сокку мусулмандардын аскеринин арасына тополоң салды. Алланын Элчиси жарадар болду жана жеңиш мусулмандардын колунан чыгып кетти.

Бул салгылашуу бизге Пайгамбардын буйругу биздин жакшылыгыбыздын негизи экенин эскертип кетет. Эгерде Алланын Элчиси бир ишти мындай кылгыла десе, анда аны бөлөкчө кылып аткарууга эч кимдин акысы жок.

Ухуд салгылашуусунда болгон жеңишке шыктанган меккеликтер ар кайсы уруудан он миң аскерден турган кол жыйнап, Ясрибди көздөп жол тартышты. Мусулмандар жакындап келе жаткан салгылашуу жөнүндө кабардар болушуп, шаарга кирүүчү жолдорду чыңдоону чечишти. Алар жерди казып, тегерете аңдар менен курчап коюшту. Эми мушриктердин аскери шаарга жөн эле кирип келе албайт болчу. Мурда алар аңдардан өтүшү керек эле, а бул болсо кооптуу болчу, анткени мусулмандардын жаа тарткычтары душманды кырып салмак. Душмандар шаарга каптап кирүүгө канчалык аракет кылышпасын, канчалык алар Ясрибдин коргонуусунун алсыз жерлерин издебесин, бирок эч ылаажысын таба алышпады. Акырындап душмандын согуштук  дымактары өчө баштады да, көптөгөн уруулар меккеликтерди өздөрүнүн жоокерлери менен калтырып кетип калышты.

Көп убакыт өтпөстөн меккеликтер да Ясрибди таштап кетишти. Чаарчап-чаалыккан жана ындыны  өчкөн меккеликтер, эми Мухаммад аларды мурдагы  кылган бардык жамандыктары үчүн сөзсүз  жазалайт,  деген коркунучтан калтырап-титирешип Меккеге кайтып келишти.

Ошол эле маалда мусулмандардын күч-кубаттары дагы аяктап бара жаткан. Меккеликтер менен Худайбия деген жерде жолугушуп, Алланын Элчиси алар менен он жылга бири бирине кол салбоо жөнүндө келишим түздү. Көпчүлүк мусулмандар душманды тезирээк жеңүүнү каалашты, бирок Мухаммад (с.а.в), исламды өнүктүрүү үчүн мусулмандарга тынчтыктын зарылдыгын билген. Мусулмандардын кубаттануусуна дал ушул Худайбия келишими себеп болду. Согушсуз өткөрүлгөн бир нече жыл өзүнүн мөмөсүн берди. Көптөгөн уруулар Пайгамбарга келишип исламды кабыл алып жатышты, мусулмандардын саны өсө берди жана Аравия жарым аралында жашоо күндөн күнгө жакшыра баштады.

Бирок,  өздөрүнүн караниеттиги менен белгилүү болгон   меккеликтер тынчтык келишимин бузушту. Алланын Элчиси бул жөнүндө угуп, он миң кол жыйнап, Меккени көздөй бет алды. Пайгамбар согуштук жортуулдун максатын жашыруун сыр кылып сактады, ал эмес момундар дагы каякка бет алып бараткандарын билишкен жок.

Алланын Элчисинин жер жайнаган аскерин көрүп, меккеликтерди коркунуч басты. Мушриктер согушууга  даяр эмес болчу, алардын аскеринин саны дагы аз жана начар дагы эле. Ошондо мушриктердин башчысы Абу Суфьян Меккени мусулмандарга берип, исламды кабыл алууну чечти.

Алланын Элчиси шаарга кирээри менен, мусулмандарга кастык кылбагандардын бардыгына коопсуздукту убада кылды.

Качан мусулмандар Меккеге бастырып киришкенде, анын жашоочулары демдерин ичтерине катышып, Алланын Элчиси эми эмне кылат, деп күтүп жатышты. Тарткан ыза-кордуктары үчүн өч алабы, душмандарын алардын бетпактыктары жана  жүзүкаралыктары үчүн жазалайбы?

Бирок, Алланын Элчиси Меккени жеңген күндү мээримдүүлүктүн жана ырайымдуулуктун күнү деп жарыялады. Эч ким өткөндөгү таарынычтарды эскербейт жана эч ким жазаланбайт. Бул күнү Алланын Элчисинин айыгышкан душмандары дагы кечирим алышты.

Адамдар уккан кулактарына ишене албай жатышты, анткени арабдардын салты боюнча  өч алыныш керек эле, ал эми Мухаммад болсо бир гана  айкөлдүктү көрсөтүп жатты. Алланын Элчисинен башка мындай улуу ишти  кылуу эч кимдин колунан келмек  эмес жана  ал кылган кечиримди эч ким кыла да алмак эмес. Муну көргөн элдер топ-тобу менен Пайгамбарга келишип жана анын пайгамбарчылыгын кабыл алып жатышты. Мекке Алланын Элчисине жана мусулмандага жеңилип берди. Бул жеңиш эч кандай кан төгүүсүз жана душмандыксыз келди. Алланын Элчиси улуу  даанышмандыгы менен тынчтыкты сактап калды жана бутпарастыкты жок кылды

Ал Каабанын ичине кирди дагы жек көрүмчү буттардын бардыгын талкалап салды. Көп убакыт өтпөстөн,  бүтүндөй Мекке көп кудайлыктын ыпластыгынан   тазаланды. Алладан өзгө, бутпарастар эми сыйына турган таштардын бири  дагы калган жок. Адамдар акыйкат бир гана Пайгамбарда жана анын үлгүсү эң мыкты экендигин түшүнүштү.

Пайгамбар Меккеде дагы он төрт күн турду. Бул убакытта ал шаарды көрктөндүрүү жана мусулман болууну каалаган көптөгөн жаңы адамдарды кабыл алуу иштери менен  алек болду. Алланын Элчиси бүтүндөй Аравия жарым аралын буттардан тазалоого милдеттүү эле. Алланын Курандагы өкүмдөрүнө амал кылуу жана Анын мыйзамдарын сактоо менен, Алланын Элчиси жана анын ишенимдүү сахабалары Меккенин артынан исламды кабыл алууну каалаган көптөгөн  шаарларды ачышты. Бул шаарлардын ичинде Таиф шаары  дагы бар эле. Алланын Элчисин таштарды   мөндүрдөй жаадырып тосуп алган, ал эмес аз жерден аны набыт кылып коё жаздаган Таиф, бүгүн болсо Мухаммадды кабыл алды жана анын пайгамбарчылыгын тастыктады.  Мекке сыяктуу эле Таифке дагы анын бетпак күнөөсү жана адилетсиздиги эскертилген жок. Ал ыпластыктан тазаланды жана акыйкат диндин нурунун астында гүлдөй баштады.

Ансарлар, Ясрибдин ыймандуу жашоочулары, мухажирлердин бир бөлүгү өздөрүнүн үйлөрүнө кайтып  жаткандыгын көрүштү. Жана алар күн түнү Алланын Элчисинин эмне кылаарын: ал Ясрибде калабы же Меккеге кайтып кетеби, деген ойго батып жатышты. Мындан тышкары, кезектеги жортуулдан соң, олжолорду бөлүштүрүүдө Алланын Элчиси анын көпчүлүк бөлүгүн исламды жаңы эле кабыл алган меккеликтерге берип жатты, ошол эле маалда ансарларга болсо, олжонун аз гана бөлүгү калып жаткан. Алардан көптөрү Алланын Элчиси ансарларды мурункудай жакшы көрбөй калды, деген ойго кетти. Чындыгында, Алланын Элчиси олжону бөлүштүрүүдө, меккеликтерге көбүрөөк берген себеби, алардын ыймандары бекемделсин дегени эле. Мурда өздөрү каршы күрөшүп жүргөн адамдын аларга болгон берешендигин көрүп,  меккеликтер Аллага мактоолорду айтып жана өздөрүнүн кылган күнөөлөрүнө тообо кылып жатышты. Качан ансарлардын бирөөсү Пайгамбарга, Ясрибдин жашоочулары деле олжолорго меккеликтер сыяктуу эле укуктары бар экендигин эскертип коюуга батынганда, Пайгамбар аларга төмөндөгүлөрдү айтты:

— О, менин ак-ниет ансарларым, силер Ясрибге койлуу жана алтындуу кайтуунубу же болбосо, туулган мекенге Алланын Элчиси менен бирге кайтууну каалайсыңарбы?

Ансарлар качан алар Ясрибге Пайгамбар менен бирге  кайтып барышаарын түшүнгөндө, алардын бактылуулугуна  чек жок эле. Бул жаңылыкты угушканда, алар алтын жөнүндө да, мал жөнүндө да эстеринен чыгарышты.

Алар наристе балдардай кубанып жатышты, анткени алар үчүн Алланын Элчисинен сүйүктүүрөөк киши жок эле. Дүйнөдөгү бардык болгон алтындар Алла ааламдар үчүн рахмат кылынып жиберилген киши менен бир шаарда жашоого, Алла Тааланын эң жакшы жаратылган адамы менен кошуна болуу бактысына теңеле алмак беле?

Арадан көп убакыт өтпөй Алла төмөндөгүлөр жөнүндө айтылган аяттарды түшүрдү: “Бүгүн Мен силер үчүн диниңерди толук кылдым”. Бул деген аяттардын жиберилүүсү бүттү жана Алланын Китеби толук болду деген маанини  билдирет эле. Эң акылдуу сахабалардын кээ бирөөлөрү, бул деген Алланын Элчисинин кайтаарына аз калгандыгын түшүнүштү.

Пайгамбар жыйырма үч жыл бою адамдарды акыйкатка чакырды жана исламдын нуру менен Аравияны жаркыратып, урууларды бир диндин астына бириктирди.

Ал акыйкатты жана тынчтыкты, аялдарга жана балдарга болгон жакшы мамилени орнотту жана улуу адеп-ахлактын, эң жакшы кулк-мүнөз, жүрүш-туруштун үлгүсүн көрсөттү, бутпарастыкты жеңди жана мусулмандарга Аллага баруучу туура жолду жарык кылды.

Анын жоомарттыгынын чеги жок эле, анын кечирими Алланын кечириминен гана төмөнүрөөк, анын жакшы мүнөзү жана жылмайуусу жүздөгөн мусулмандардын жүрөгүн жылытып, анын жөнөкөйлүгү бүтүндөй калктарды жана урууларды каратып, анын чынчылдыгы ашынган жалганчыларды дагы тообо кылдырып, ал эми анын ачыктыгы жана ак-ниеттүүлүгү чыныгы, бекем жана чынчыл мусулмандардын өзүнчө муунун тарбиялады.

Мына ушинтип, менин кымбаттуу окурмандарым бардык мезгилдердин эң улуу Пайгамбары жөнүндөгү  биздин тарыхыбыз дагы аягына чыкты. Алланын Элчиси менен коштошуу канчалык өкүнүчтүү болбосун, китепти аяктап жатып биз Алланын Элчиси эч качан биздин жүрөгүбүздөн чыгып кетпөөсүн биле жүрүшүбүз керек.

Алланын Элчисин сүйгүлө жана анын жолу менен жүргүлө, анткени бул ар бир мусулман эркек жана аялдын милдети. Алла бизди ага окшош кылсын жана биздин жүрөгүбүздү чыныгы ыймандын нуру менен нурлантсын!

Булак: «Пайгамбарлар кыссасы» китебинен.