Ош шаарында студенттер 100 үй-бүлөгө жардам баштыкчасын таратышты

Бүгүн, 20-январда Ош шаарынын “Сулайман-Тоо” мечитинде кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлүп, анда жардамга муктаж адамдарга жардам баштыкчасы таратылды.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, кайрымдуулук жардамына кол сунган студенттер жана шаар тургундары катышты.

“Шаарыбыздын жаштары  элге жерге пайдабыз тийсин деген максатта сиздерге жардам колун сунуп жатат. Бул студент жигиттердин алдына койгон максаттары өтө чоң. Буйруса чоң маштабда өткөрүүнү да ниет кылып турушат. Биз мындай жигиттерди ар дайым колдоп бермекчибиз”,- деди Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев. 

Айта кетсек, бул студент жигиттер өздөрүнүн “Үмүт жарыгы” аттуу кайрымдуулук фондун негиздешкен. Көп жылдар бою 5-10 адамга жардам баштыкчасын берип келээр эле. Мына эми 100 үй-бүөлөгө күнүмдүк турмушка керектелүүчү тамак-аш азыктарын алып беришти.

Баштыкчада: 10 кг ун, 5 литр май, макарон, күрүч, чай, туз ж.б. азык-түлүктөр бар.