Нарын медресесинин жаңы имараты расмий түрдө ишке берилди

Кечээ, 16-июлда Нарын медресесинин жаңы курулган имаратынын расмий ачылыш болуп, иш чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир каары Ракиев,  Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын алдындагы «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик кызматкерлери, медресенин курулушуна демөрчүлүк кылган жергиликтүү жарандар жана башка коноктор катышты.

Саамалык алкагында КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Асизов Касен Асизович өзүнүн куттуктоосун айтып, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраевге «Нарын облусунун ардактуу атуулу» деген наамдын күбөлүгүн тапшырды. Андан соң Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Карыбекович, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын мүдүрүнүн орун басары Мухамад Мади жана медресенин курулушуна демөөрчүлүк кылган Абдулло Нурвали мырзалар куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, жакшы тилектерин арнагандан кийин имараттын расмий кызыл жибин кесишти.

Эске салсак, Нарын медресеси 2004-жылы ачылып, 2011-жылдан тарта толук кандуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жаштарга билим берип келүүдө. Ал эми медресенин жаңы имаратында 2017-жылдан бери окуучулар билим алып келишет. Медресин жаңы имараты 2 кабаттуу заманбап үлгүдө «Ассанабил» фондунун жана жергиликтүү кайрымдуу жарандардын колдоосу менен салынган.