Азирети Муфтий өлкө аймагындагы 109 ажы башчы менен жолугушуп,  ажыларды тейлөөдө жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүнү милдеттендирди

Бүгүн, 17-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы борбордук мечитте 2018-жылдагы ажыларды жетектеп баруучу 109 ажы башчы менен жолугушуп,  алардын аткара турган милдеттерин, укуктарын түшүндүрүп, ажыларды тейлөөдө жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүнү эскертти. Муну менен катар Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ажы башчылар ажылыкты уюштуруу боюнча штабка  баш ийүү менен Сауд Арабиянын ажылык министрлиги тарабынан чыгарылган мыйзамдарды сактап, алардын бекитип берген графигине жараша иштөөнү милдеттендирди. Ошондой эле ажылардын коопсуздугу, ажылык ибадаттардын аткарылышы жана болочок ажылардын мейманканаларга жайгашуусун тартиптештирүү боюнча жоопкерчиликтүү болоорун баса белгиледи. Муну менен катар Азирети Муфтий ажылардын ден соолугуна көңүл буруп, алардын ал абалдарынан кабар алып туруу менен ажылык ибадаттар боюнча сабактарды бат-баттан өткөрүүнү тапшырды.