Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов баш имам хатибтерге бир канча тапшырмаларды берди

Кечээ, 20-январда Чүй облусунда иш жүргүзүп жаткан хатибияттардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу максатында, Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагуловдун демилгеси менен ишке ашып келе жаткан, кезектеги көчмө жыйын болуп өттү.

Аталган көчмө жыйын Москва районуна караштуу Александровка айылында уюштурулуп, ага Чүй казыятынын кызматкерлери жана облустагы баш имам хатибтер катышты.

«Жыйын алгач отчетторду угуу менен башталып, облустагы диний кырдаал, казыят жана хатибияттарга тиешелүү ар кандай маселелер талкууга алынып, жыйынтыгында баш имам хатибтерге Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов төмөнкү тапшырмаларды берди:

  • Облус боюнча намаз убакыттарын көзөмөлгө алып, өз билгендик кылып жүргөн имамдарга эскертү берүү
  • Умра амалын КМДБ менен бирге ишке ашыруу
  • Ар бир мечиттин иш кагаздарын текшерип чыгуу
  • Ар бир имам хатиб ай сайын жок дегенде экиден диний макала жазуу жана видео баян жаздырып, казыяттын маалымат бөлүмүнө жиберүү
  • Жума кутбаларда элди ынтымак-биримдикке үндөө.

Ошондой эле Ажылык сапарына аттанган жарандарыбыздын иш кагаздарын тездетип бүтүрүүгө, белгиленген операторлорго жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди.