Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев фикх, хадис жана акыйда  илими боюнча баяндамасын жасады

Кечээ, 20-январда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы «Кубат» мечитинде облус казысы Таалайбек ажы Бапиев фикх, хадис жана акыйда  илими боюнча баяндамасын жасады. 

Дин кызматкерлери жана имамдардын катышуусунда өткөрүлгөн баяндамада Таалайбек ажы учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири болгон терс агымдары ошондой эле терроризм жана экстремизмге жол бербөө боюнча түшүндүрүү ишин жүргүздү.

Буга кошумча, казы келген жамаатка  Ислам дининин Ханафий мазхабындагы фикх маселелерин терең үйрөнүүгө чакырып, хадис жана акыйда (Матрудий) илимдерине да өзгөчө көңүл буруунун зарыл экендигин белгилеп өттү. Мындан ары буга окшогон сабактардын байма-бай  уланаарын айты. Айыл тургундары болсо даарат, намаз, үшүр, ж.б. сыяктуу суроолорду берип, тийиштүү жоопторду ала алышты.