Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев, алдыда аткарыла турган иштер боюнча имамдарга тапшырма берди

Кечээ, 20-январда Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында район аймагындагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү.

Жыйында мектеп окуучуларына таалим-тарбия сабактарын уюштуруп, жаш өспүрүмдөрүбүздү ыймандуулукка, ата-энени, мугалимдерди, улууларды сыйлоого, адептүүлүккө чакыруу менен бирге зына, чылым чегүү, талап-тоноочулук, ичимдиктин зыяндуулугу ж.б маселелер туурасында болгон сабактарды жандандыруу зарылдыгына токтолду.

Ошону менен бирге, хатибияттарда имамдар үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн тартиби туурасында тегерек стол, тренингдер уюштурулуп өткөрүлүшүн эскертип, баш имам хатиб Максат Сейталиев, ар бир имамга тапшырылган ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.