Сокулук районунун баш имам хатибинин орун басары Өскөн ажы Каландаров Жаңы-Жер айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси менен сыйланды

Кечээ, 20-январда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтү, айыл мыктыларын сыйлоо аземин өткөрдү. Анда айылга эмгеги сиңген, айыл мыктыларын аныктоо аземинде Сокулук районунун баш имам хатибинин орун басары Өскөн ажы Каландаров коомдук иштерге активдүү катышып, айыл аймактагы диний кырдаалдын жана ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан салттуу Ислам дининин өнүгүп-өсүшүнө зор салым кошкондугу үчүн Жаңы-Жер айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси менен сыйланды.

Сыйлыкты Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн өкүлү тапшырып, Өскөн ажы Каландаровдун ишине ийгиликтерди каалады.

Өскөн ажы Каландаров 1967-жылы Араван районуна караштуу Чек-Абад айылында жарык дүйнөгө келген. 1990-жылдардан тарта светтик жана диний окуу жайларда билим алган. Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин тарых факультетин жана Ислам институтун аяктап, дипломдорго ээ болгон. Жаңы-Жер айылындагы «Равза» мечитинин имамы, «Равза» медресесинин мүдүрү, Сокулук районунун баш имам хатибинин орун басары. Үй-бүлөөлү, төрт уул, эки кыздын атасы.