Базар-Коргон райондук хатибияты 50 окуучуга окуу куралдарын белекке берди

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибияты «Тарбия» кайрымдуулук фонду менен биргеликте  жакшы саамалык өткөрүштү. Райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков жана орун басары Султан ажы Манасов райондун аймагындагы атасынан ажыраган балдарга сумкаларды жана окуу куралдарын белекке беришти.

Иш-чаранын уюштуруучусу райондун баш имам хатиби Тынчтык ажы сөз сүйлөп, жетим балдарга камкор болуу сүйүктүү пайгамбарыбыздын жакшы көрүп аткарган иши экенин айтып өттү.

“Урматтуу менин кичинекей досторум! Силерге чың дең-соолук, окууңарга ийгилик каалайм. Силер дагы эр жетип Кыргызстан мамлекетибизди өнүктүргөн азаматтардан болосуңар. Силерге кам көргөн “Тарбия” фондуна терең ыраазычылык билдирем”,-деди баш имам хатиб.

Эскерте кетсек, элүүдөн ашуун жетим балдар окуу куралдары менен камсыз болуп,  мектепке чейинки даярдоо курсуна 20 дан ашуун балдарга акчалай жардам көрсөтүлдү.