Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо жылынын алкагында Бөкөнбаев айылынын “Шамей” орто мектебинде 8-9-класстардын окуучулары менен жолугушту.

Мектеп жетекчилигинин макулдашуунун негизинде болгон жолугушууда окуучуларды адептүүлүккө чакырып, билим алуунун зарылдыгы тууралуу баяндамасын жасады.

“Бул иш-чаранын максаты, окуучуларга, экстремизм, терроризм, «Дин жана жашоо», «Арак жана зына», «Убакытты туура пайдалануу» аталыштарда таалим-тарбия сабагын өтүп, аларды адептүүлүккө чакырдык. Мындай жолугушууларды башка мектептерге дагы уюштурмакчыбыз”,-  деди Таалайбек ажы.