Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров умра сапарына баруучуларга жыйын өттү

Бүгүн, 21-январда ЖалалАбад облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында ЖалалАбад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров жана казынын орун басары Бакытбек ажы Түнгатаров умра сапарына баруучуларга жыйын өткөрүштү.

Жыйында Абдулазиз кары умра сапарын  өзү жана казыяттын иш башкарма адиси Давран ажы Жунусалиев  жетектей тургандыгын билдирип, умранын пазилеттери, сооптору  тууралуу айтып берди.

“Урматтуу агалар, эжелер! Мына биз  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган  умра сапары менен бара жатабыз. Аллахым сапарыбызды жеңил кылсын, зыяраттарыбыз кабыл болсун! Мен дагы буюрса сиздер менен сапарда биргемин. Умра  башчыга моюн сунуңуздар, себеби моюн сунуу бул ибадат. Баарыңыздарга ак жол каалайм” , деп  облус казысы.