Таалайбек ажы Акунов Тоң райондук курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгын зыярат кылды

Бүгүн, 21-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов Тоң райондук курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгын жетекчиси Чолпонбек Абыкеев менен жолугушту.

Жолугушууда быйылкы жылдын алкагында, район аймагындагы жаны курулган 6 мечиттин документтерин бүтүрүү, диний обьектилердин курулушу туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Райондогу борбордук мечитти чоңойтуу жана ошондой эле Куран окутуу борборун медресе кылуу туурасында бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул аракетибиз жемиштүү болсо биз өз максатыбызга жеткен болобуз. Мындан тышкары 2020-жыл ичинде райондук хатибияттын ишин жакшыртуу максатында дагы бир катар иштерди колго алуунун үстүндө турабыз»,-деди Таалайбек ажы.