Бакытбек Рыскулов: Ислам дини балдырыбызга татыктуу тарбия берүүнү буюрат

Бүгүн, 21-январь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Гулистан айыл өкмөтүнүн жыйындар залында жашы 18ге толо элек кыздарды турмушка чыгарбоо, бала тарбиясы жана ашыкча ысырапкерчиликтен алдын алуу маселеси каралды.

Иш-чарага Ноокат районунун баш имам хатибинин орун басары Бакытбек Рыскулов, Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Эргешмамат Шаназаров, мечит имамдары, айыл башчылары жана аялдар комитети катышты.

«Акыркы жылдары аялдарга карата зулумдук  маалыматтары баарыбызды ойлондурбай койбойт. Ислам дини, аялдарыбызды, балдарыбызды коргоону, аларга татыктуу тарбия берүүнү буюрат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в«Эч бир ата өз баласына жакшы тарбиядан артык белек бере албайт» деп жатпайбы. Жакшы тарбия алган бала өз үй-бүлөсүн гана эмес коомубузду оңдойт», — деди Бакытбек Рыскулов.