Лейлек районунда жылды мыкты имамы жана мечити боюнча сыйлыктар тапшырылды

Баткен облусунун Лейлек районунда аймагындагы имамдарга дем бер максатында жыл ичинде элди ыймандуулукка, адеп-ахлакка, улут аралык мамилени чыңдоого жана Ислам баалулуктардын жайылтууда кошкон  зор салым үчүн мыкты мечит жана имамга сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлыкты Лейлек районунун баш имам хатиби  Абдуровшан ажы Дүйшөев имамдарга жыйын өткөрүп, анын алкагында «Жылдын мыкты имамы» наамы менен Лейлек районунун Кара-Булак айылынын «Турдали Ата мечитинин» имамы Калыкулов Канымкулга ыйгарды.

Ал эми жаштарды адептүүлүккө чакырууда, элди биримдикке жана ынтымакка үндөөдө, мечиттин тазалыгына көңүл буруп, ханафий мазхабын жайылтууда өзгөчөлөнгөн Чимген айылынын «Чимген-1» мечити 2019-жылдын «Мыкты мечити» наамы менен сыйланды.