Лейлек районунун баш имам хатиби чек-арага чектеш жашаган айылдын тургундары менен жолугушту

Баткен облусунун Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев Тажикстан Республикасы менен чектешкен Лейлек районунун Жаңы Жер айыл өкмөтүндөгү «Мамарахим-ата» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жолугушууда райондун баш имам хатиби элге улут аралык ынтымакты бекемдеп, улууга урмат, кичүүгө ызат менен мамиле кылып, ар бир адамга сый-урмат көрсөтүүгө чакырды.

Аны менен катар аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында түшүндүрүү ишин жүргүздү.

«Үй-бүлө баалуулуктарын сактайлы десек биринчи кезекте ар бирибиз өзүбүздөн баштасак. Өзүбүздө оркойуп кемчиликтер болуп жатса анан кайдагы тарбияны беребиз. Андыктан балдарга татыктуу тарбия берүүдө аларга үлгү көрсөтүп, кемчиликтерибиздин үстүнөн иштейли. Анткени бала уядан эмне көрсө учкандан ошону алат»,-деди Абдиравшан ажы Дүйшөев.