Баткен облусунун казысы жаңыдан салынып жаткан «Баткен» медресесинин курулушу иши менен таанышты

Бүгүн, 21-январда Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов ошондой эле казыят кызматкерлери Баткен шаарындагы «Баткен» медресесинде жүрүп жаткан оңдоп-түзөө, курулуш иши менен таанышты.

Оңдоп-түзөө курулуш иши менен таанышып жатып, облус казысы медресе элибизге ыймандуу жаштарды тарбиялоодо орду чоң экенин белгилеп, куруучулардын ишине ийгилик каалады.

Медресе мүдүрү Абдурашид ажы Юнусовдун айтымында, учурда медресеге жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен заманбап ашкана курулуп жатат. Ошондой эле медресенин айланасын тосулуп, ички жана сырткы көрүнүштөрү оңдолууда.