Кыргызстан жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда жарыяланган конкурстун мөөнөтү 30-январь, саат 17:ООгө чейин узарды

Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы 2020-жылдагы Сауд Араб Падышалыгына болгон ажылык сапарында ажыларды жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда өтүүчү конкурска тиешелүү иш кагаздарды кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 30-январь, саат 17:ООге чейин узартылгандыгын жарыялайт.

Конкурска катышуу  үчүн тиешелүү талаптарды Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ажы-умра бөлүмүнөн алышат.

Бишкек ш, Гогол көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде). Байланыш тел: 0778900601   тел/факс: 0312 48 61 67 э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Конкурс 2020-жылдын 31-январында саат 11:00дө Муфтияттын жыйындар залындө өткөрүлөт.

Документтерди кабыл алуу: 2020-жылдын 30–январь, саат 17:00гө чейин.

Жыйынтыгы 2020-жылдын 1-февралында чыгарылат

  • Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.