Манас райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев  имамдардын отчетун кабыл алды

Бүгүн, 22-январда Талас облусунун Манас райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев  имамдардын отчетун кабыл алды.   Отчёттун алдында ар бир ай сайын тандалып алынган тема боюнча баш имам сабак өткөрүп турат. Алгачкы сабактын темасы “Жума хутбасын окуу жана анын тартиптерин”  өткөрүү боюнча болду. Келерки февраль айына каралган отчётто “Нике хутбасы” тууралуу сабак өткөрүлөт.

2020-жылга хатибияттын иш планы талкууланып, 40 дан ашык орчундуу иш-чараларды өткөрүү  убактылары белгиленди. Анда Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата балдарды колдоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери да жогорку деңгээлде өткөрүлөөрүн, иш-чаралардын басымдуу бөлүгү ушул темада болуусу шарт деп баш имам баса белгилеп өттү.

Мындан тышкары өзгөчө кайрымдуулук иштери экстремизм, терроризм, мечиттерди каттоодон өткөзүү, мечиттердин ички сырткы тазалыгы боюнча иштери аткарылмакчы.