Бакай-Ата районунун баш имам хатиби Абдимажит ажы Сагынбаев 2020-жылдын иш планын талкууга алды

Бүгүн, 20 — январда Талас облусунун Бакай — Ата районунун баш имам хатиби  Абдимажит ажы Сагынбаев “Сад бин аби Вакас” мечитинде райондогу имамдардын отчётун кабыл алды.

Отчетторду кабыл алып жатып, баш имам хатиб  2020 —  жылга каралган Хатибияттын иш планы талкууланып, 30 тан ашык иш-чараларды өткөрүүнү баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети тарабынан уюштурулуп  жаткан «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча жана  имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр баяны тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептерди айылдык имам хатибтерге таркатып берди.

«Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата жетим балдарга жардам берүү жана кайрымдулук иштерин көбөйтүүбүз керек.  Жаз айында айлана чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин колго алуубуз керек. Тазалыкты биринчи өзүбүздөн баштасак коомубуз дагы таза болот»,-деди Абдимажит ажы Сагынбаев.