Манас районунун  баш имам хатиби  Миржалал ажы  Дадабаев: 2019-жыл районубузда жемиштүү жыл болду

Бүгүн, 21-январды Талас облусунун Манас районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы маданият үйүндө Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу 7 айыл: Чоң-Капка, Ак -Таш , Таш — Башат, Жийде, Кызыл — Жылдыз, Кеңеш, Уч-Коргон айылдарынын тургундары менен биргеликте чоң жыйналыш болуп өттү. Жыйынга өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Манас районунун акими Бектен Дүйшөбаев, Манас районунун  баш имам хатиби  Миржалал ажы  Дадабаев жана  мекеме уюм ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан чечилбей социалдык жаткан маселелерин тийишттүү органдарга узатышты. Бийлик өкүлдөрү болсо бардык суроолорго жооп беришип, Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата бардык органдар эл менен тыгыз кызматташуу керек экени баса белгиленди.

Иш-чарада Манас районунун  баш имам хатиби  Миржалал ажы  Дадабаев 2019-жыл жемиштүү жыл болгонун белгилеп, Манас районунда заманбап, талапка жооп бэрээрлик мечиттер салынганын эске салды. Сөзүнүн аягында жалпы элди ынтымака, биримдике чакырды.