Ноокен районунда ишмердүүлүнө тыюу салынган уюмдар тууралуу жыйын болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан борбордук «Нур» мечитинде жалпы Ноокен району боюнча имамдарга жыйын болду. Жыйында УКМКнын Ноокен районундагы өкүлү, райондун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов  жана райондун имамдары  катышты.

Анда УКМКнын өкүлү тыюу салынган уюмдар  тууралуу  түшүндүрмө берип, буларга токтолду. “Урматтуу имамдар мамлекетибиздин тынчтыгы, өнүгүүсү үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштөө учурдун талабы. Өлкөбүздүн тынчтыгы бир эле күч  органдарынын иши эмес, мамлекеттин ар бир жарандын иши. Сиздердин тынчтык  үчүн кошкон салымыңыздарды биз баалайбыз  жана кызматташууга ар дайым даярбыз”,- деди УКМКнын өкүлү.

Аягында баш имам хатиб 2020-жылдын отчетторун так жазуу, буйруктарды өз убагында так аткаруу, мечиттердин тазалыгы боюнча тапшырмаларды берүү менен жыйын жыйынтыкталды.