Талас районунун Чоң – Токой айылына жаңы имам шайланды

Кечээ, 21-январда Талас облусунун казысы Бапиев Таалай ажынын буйругунун негизинде казынын орун басарлары Сагынбаев Медер ажы, Сыдыков Касым ажы жана Талас районунун баш имам хатиби Жолдошбек улуу Канатбек, Талас районуна караштуу Чоң — Токой айылынын тургундары менен жолугушту.

Анда жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда элди ынтымака, биримдике чакырып жаңы имамдыкка дайындалган Алакулов Нурланды мечиттин имамы катары эл менен тааныштырып, айыл эли добуштан макулдугун беришти.

Жыйын соңунда имамдын ишине ийгилик каалап, КМДБдан келген буйруктарга жана казыяттан барган буйруктарга өз убагында жооп берип, кызматташууга чакырып имамдын ишине ийгиликтерди каалашты.