Григорьевка айылындагы “Досмамбет уулу Кычан” атындагы райондук борбордук мечити ондоп-түздөөдөн өткөрүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы “Досмамбет уулу Кычан” атындагы райондук борбордук мечити ондоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда райондун баш имам хатиби Максат Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, мечитти оңдоп-түзөө иштери мечиттин имамы Жарашбек Асанбаевдин демилгеси менен колго алынып, жаштардан түзүлгөн “Жаштар Уюму” тарабынан жаз алды менен мечиттин айланасын толугу менен көрктөндүрүп, жаңы көчөттөрдү отургузушмакчы.

“Бул аракет быйылкы жылдын алкагында аткарыла турган иштерибиз боюнча алгачкы кадам. Бүгүнкү күндө кубанычыбызда чек жок, мечитибиздин эскилиги жеткен терезелери пластик менен жаңыланууда. Балдарыбыз үчүн мектептен тышкаркы убакта таалим-тарбия сабактары дагы уюштурулууда. Мечиттин ичиндеги жайнамазды  дагы алмаштыруу үчүн атайын буйрутма берилди”,- деп  кошумчалады мечит имамы Жарашбек Асанбаев.