Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндө имамдын демилгеси менен жардамга муктаж 20 жаранга 30 000 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу имам хатиби Сардар Обидовдун демилгеси менен Төлөйкөн айылындагы жардамга муктаж 20 жаранга күнүмдүк тамак-аш азыктары берилди.

Кайрымдуулук жардамындагы каражат Хадия кийим дүкөнү тарабынан каржыланган. Имам хатибдин айтымына караганда, аталган дүкөн муктаж болгон жарандарга кийим кечелерди акысыз таратууда. 2019-жылы 500 жаранга кийим-кече менен камсыз болуп, 6 биринчи группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамга ылайыкташкан араба алынып берилген.

«Хадия дүкөнү мындан эки жыл мурун ачылган. Мүмкүнчүлүгү болгондор бул дүкөнгө колунан келген жардамына беришет. Ал эми колунда жок муктаж болгондор алышат.  Орусияда иштеген жаштарыбыз дагы биздин иш аракеттерибизди колдоого алып атышат. Айрыкча Кара-Суу базарындагы соодагерлер жаңы кийимдерди аталган дүкөнгө сооп болсун деп беришет. Ал эми муктаж жарандарыбыз ушул дүкөндөн кийимдерди акысыз алышат», — деди Сардар Обидов.