Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев районго караштуу мечит имамдарына жыйын өткөрдү

Кечээ, 21-январда Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев Өзгөн районуна караштуу бардык мечит имамдарына жыйын өткөрдү.

Анда Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата аткарылуучу иш пландары жигердүү иш аракеттерди жүргүзүү боюнча сөз сүйлөп бул жаатта имамдардын жергиликтүү эл менен тыгыз кызматтушуу керектиги баса белгиленди.

Жыйында Акжол ажы Козубаев имамдарга жума окулуучу хутбалардын темалары менен тааныштырып, жума намаздарын өз убагында жана жума кутбаларын мамлекеттик тилде өтүлүүсү боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле имамдарга КМДБ тарыбынан келген буйруктар менен иш алып баруу боюнча бир канча тапшырмалар берилди.