Майлуу-Суу шаарында жергиликтүү эл спирт ичимдигинен баш тартышты

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ айыл аймагында Майлуу-Суу шаарынын жетекчилери  жергиликтүү калк   менен жыйын өткөрдү.

Жыйын өткөрүүгө  жергиликтүү калктын жетекчиликке жана прокуратурага спирттик ичимдиктерди саттырбоо боюнча жазган арызы себеп болгон. Шаардын мэри бул маселе боюнча жардам берээрин жана жогорку инстанцияларга жеткирээрин убада кылды.

Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы жыйында :“Урматтуу жетекчилер жана айыл тургундары! Чындыгында ислам шариятында спирттик ичимдиктерди ичүү эле эмес аны сатуу, жеткирүү, жасоо баары күнөө иш. Мынчалык эл арызданып жаткандан кийин жетекчилер сиздерден суранып кетет элем ушул маселени оң жакка чечип берсеңиздер”,- деди Абсатар ажы.