Аксы районунун “Кара-Суу” борбордук мечитинде айыл аймак имамдарына жыйын болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун баш имам хатиби  Мырзабек ажы Абдыкалыков райондогу айыл өкмөттөрүнүн  имамдарына  жыйын өткөрдү. Жыйында  баш имам хатиб бир катар  маселелерге токтолду.

Анын ичинен имамдарга нике кыйууда Муфтият тарабынан даярдалган нике журналына каттоо,  мамлекеттик эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин каттоодон өткөрүүнү тездетүүнү жана мечиттерде өрт коопсуздугунун алдын алууну баса белгиледи.